BTB Business жаңыртылды: «Дордой» базарында ижараны эми онлайн төлөңүз
30.04.2026
Бай-Тушум Банкынын кардарлары үчүн жаңы ыңгайлуу мүмкүнчүлүк пайда болду — эми «Дордой» базарындагы ижараны түз эле BTB Business мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот.
Жаңы функция «Дордой сервистери» → «Менин Дордоюм» бөлүмүндө жеткиликтүү болуп, ишкерлерге бардык төлөмдөрүн бир жерден тез жана ыңгайлуу башкарууга шарт түзөт. Тиркемеде ижара боюнча актуалдуу инвойстар көрсөтүлүп, төлөм процесси ачык жана түшүнүктүү болот.
Колдонуучулар үчүн эки төлөө ыкмасы жеткиликтүү:
- бардык инвойстарды бир чыкылдатуу менен төлөө — эсептөөлөрдү текшерип, маалыматтарды ырастап, төлөмдү жүргүзүү жетиштүү;
- белгилүү бир инвойсту төлөө — керектүү эсепти тандап, өзүнчө төлөөгө болот.
Ошондой эле алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Кааласаңыз, эсептелген суммадан көбүрөөк төлөп, кийинки айлар үчүн ижараны алдын ала жаап койсоңуз болот.
Бардык операциялар бир нече кадам менен аткарылып, экранда төлөмдүн ийгиликтүү жүргүзүлгөнү тууралуу тастыктоо көрсөтүлөт. Бул колдонуучуга толук көзөмөл жана ишеним берет.
Жаңы сервис ишкерлерге убакытты үнөмдөөгө, банкка же кассага баруунун зарылдыгын азайтууга жана төлөмдөрдү башкарууну дагы да ыңгайлуу кылууга жардам берет.
BTB Business тиркемесин жүктөп алып, «Дордой» базарындагы ижараны онлайн төлөңүз — тез, ыңгайлуу жана каалаган убакта.

