Visa карталары боюнча тарифтердин өзгөрүшү жөнүндө
13.05.2026
Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 27-майынан тартып Visa банктык карталары менен жүргүзүлгөн операцияларга байланыштуу өзгөртүүлөр күчүнө кирерин маалымдайбыз.
Комиссия колдонулуучу операциялар:
- Чет өлкөдөгү банкоматтардан накталай акча алуу
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары POS-терминалдар аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөр
- Кыргыз Республикасынын ичинде картанын валютасынан айырмаланган валютада төлөм жүргүзүлгөн операциялар
Жогоруда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүдө Банк Optional Issuer Fee (OIF) комиссиясын төмөнкү өлчөмдө алууга укуктуу:
Операция суммасынан 1%
Карталар менен операцияларды пландаштырууда ушул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.

