BTB мобилдик тиркемесин колдонууда коопсуздуктун жаңы чаралары

23.10.2026

Урматтуу кардарлар!

Алдамчылыкка каршы күрөшүү жана төлөм операцияларынын коопсуздугун жогорулатуу максатында BTB мобилдик тиркемесинде төмөнкү чектөөлөр киргизилгенин маалымдайбыз:

  • QR-код аркылуу бир транзакциянын лимити — 100 000 сомдон ашпайт.

  • Бир жеке жакка каттала турган төлөм карталарынын саны — 4 картадан ашпайт.

Бул чаралар алдамчылык операцияларынын тобокелдиктерин азайтууга жана мобилдик тиркемени колдонууда коопсуздукту жогорулатууга багытталган.

Төлөмдөрдү жүргүзүүдө жана төлөм карталарын каттоодо белгиленген чектөөлөрдү эске алууңуздарды суранабыз.

«Бай Түшүм» Банкы кардарлардын каражаттарын коргоо жана финансылык операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

Түшүнүү менен кабыл алып, ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!