Бай Түшүм банкынан жаңы кызмат. Банкка барууну алдын ала пландаштырыңыз!

06.02.2020

Күнүңүздү натыйжалуу пландаштырыңыз! Каалаган убакта кызмат кылып, кезек кутуп убакытынызды текке кетирбеңиз!

Бай Тушум банкы оз кардарларына кам коруп , жон гана кезек кутуп убактыларын текке кетирбесин деп Early One аралыктан кезек брондоо кызматын ишке киргизди.Банкка барчу кунунузду , саатынызды белгилеп бир нече секундага созулган операция жасоо менен коп убактынызды уномдонуз!

Бул опция Бай Түшүм Банкынын төмөнкү кеңселеринде жарактуу:

  1. Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 76, телефон +996 312 905 805.
  2. Бишкек шаары, Ош базары, Чүй проспектиси, 277, Эне Өргөөсу соода борбору, телефон 312341636.
  3. Ош шаары, Курманжан Датки көчөсү, 180а, телефондор: 322248467, 48472, 48473, 48481, 48487.
  4. Ош шаары, Монуев көчөсү, 47, телефон 322288407.
  5. Жалал-Абад шаары, Осмонов көчөсү, 30а, телефондор: 372272243, 731.
  6. Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 126, телефондор: 392252067, 60157.
  7. Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү, 204, телефондор: 342255944, 55900.
  8. Сузак айылы, Дакан Палван көчөсү, телефон 374850583.
  9. Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 125, телефон 313336764.
  10. Беловодское айылы, Фрунзе көчөсү, 157/1, телефон 313151432.

Кезекке кантип турса болот?

  1. Early Оne тиркемесин смартфонуңузга жүктөп алышыңыз керек.
  2. Тиркемеден барууну пландап жаткан кеңсеңизди таап, көрсөтүлгөн убакытка электрондук билет алыңыз.
  3. Терминал аркылуу филиалдын кире беришиндеги электрондук билетти иштетүү.
  4. Ал эми азыр – адис сизди күтүп жатат!

Эгер сиз күтүлбөгөн жерден кечигип калсаңыз, анда Early One тиркемесинде электрондук кезекти активдештирүүнү 5, 10 же 15 мүнөткө кечиктирүүгө мүмкүнчүлүк берген функциясы бар.

Убактыңызды электрондук кезек менен пландаштырыңыз!