1-апрелден баштап жеке жана юридикалык жактар үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирет

23.03.2017

Урматтуу кардарлар, 2017-жылдын 1-апрелинен баштап жеке жана юридикалык жактар үчүн төмөндөгү тейлөөлөр боюнча жаңы тарифтер күчүнө кире тургандыгын эсиңиздерге алууну өтүнөбүз: 

–күрөөлүк камсыздоону, кепилдикти алмаштыруу/чыгаруу үчүн  комиссия  (бирдик үчүн)

1 000 000 сомго чейинки насыялар боюнча – 1000 сом

5 000 000 сомго чейинки насыялар боюнча – 2000 сом

5 000 000 сомдон жогорку насыялар боюнча – 3000 сом

күрөөлүк документтерди убактылуу колдонууга бергендиги үчүн  комиссия (бирдик үчүн)

1 000 000 сомго чейинки насыялар боюнча – 1000 сом

5 000 000 сомго чейинки насыялар боюнча – 2000 сом

5 000 000 сомдон жогорку насыялар боюнча – 3000 сом

убактылуу колдонууга берилген күрөөлүк документтердин өз убагында кайтарылып берилбегендиги үчүн  комиссия (бирдик үчүн)

насыянын баштапкы суммасынан күнүнө 0,1%

тыюу салынгандыгын чыгарбастан күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка каттоого макулдук бергендиги үчүн комиссия (бирдик үчүн)

2000 сом

күрөөлүк мүлктүн техникалык мүнөздөмөсүн өзгөртүүгө байланышкан маселени кароо үчүн комиссия  (куруп бүткөрүү, багытын өзгөртүү ж.б.) (бирдик үчүн)

2000 сом

Суроолор пайда болгон учурда, (312) 905 805 телефону боюнча байланыш борборуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.