“Бай Түшүм” Банкынын Ош шаарында жаңы офиси ачылды

04.02.2014

2014-жылдын 4-февралында Монуев көчөсүнун 47 дареги боюнча жайгашкан Ош шаарынын бизнес-борборунда “Бай Түшүм” Банкынын жаңы офиси ачылды. Банктын бул офисинде кардарлар сапаттык жаңы деңгээлдеги банктык сервистен пайдалана алышат. Кардарлар үчүн түзүлгөн заманбап жасалга жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу иштин жүрүшүнүн тез жана натыйжалуу, ошону бирге жагымдуу болушуна шарт түздү.

«Бай-Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен ал Кыргыз Республикасынын калкына каржы кызматынын толук тармагын тартуулайт. Жаңы офис Ош обласында «Бай-Түшүм» Банкынын 11-чи офиси блоуп саналат.

“Банктын жаңы офиси Чакан жана орто бизнеске көрсөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча кеңири долбоорду ишке ашыруунун алкагында ачылып отурат. Ушул эле максатта Банкта чакан жана орто бизнести насыялоо боюнча уникалдуу программа старт алды, ал бизнес жүргүзүүнүн кулачын жана өзгөчөлүктөрүн, анын мезгилдүүлүгүн эсепке алуу менен акча каражатын алууга мүмкүнчүлүк түзгөн комплекстүү чечимдерди карайт.Каржылоонун жаңы программасы натыйжалуу коюлган иш жүрүшүн болжойт: 2 күндөн баштап 5 жумушчу күндүн ичинде арыздарды кароону, ошондой эле күрөөсүз түрдө 300 миң сомго чейинки насыя алуунун мүмкүнчүлүгүн карайт жана банк продуктуларын тандоонун кеңири шарттары түзүлүүдө. Кардарлар акча каражатын которуулар боюнча, өздүк эсебин ачуу жана аны тейлөө, аманаттарды пайдалуу жана эң башкысы- ишенимдүү шарттарда жайгаштыра ала турган кызматтардан пайдалана алышат. Калкты мүмкүнчүлүгү жете турган турак жай менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, биз ипотекалык насыялардын мөөнөтүн 15 жылга чейин узарттык,- деп белгиледи “Бай-Түшүм” Банкынын Башкы менеджери Гулнара Шамшиева.

Сиздерди Монуев көчөсүнун 47 дареги боюнча дүйшөмбүдөн баштап жума күнүнө чейин саат 8-30дан 17-30га (түшкү тыныгуу жок) чейин күтөбүз.