Жакында Global Money Week 2023 арналган балдардын поэзия видеосынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды!

18.04.2023

Бардык катышуучуларга рахмат – бул сынак абдан сонун жана кызыктуу болду. Биз балдарга ушуну менен токтоп калбастан, ар дайым өз мүмкүнчүлүктөрүнүн жаңы горизонтторун ачып турушун каалайбыз!

Эскерте кетсек, «Бай Түшүм» Банкы салттуу түрдө Кыргызстанда 2023-жылдын 15-мартынан 23-мартына чейин «Акчаңды пландаштыр, келечегиңе кам көр» деген ураан алдында жыл сайын өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын активдүү катышуучусу жана уюштуруучусу болуп калды. Жумалыктын алкагында экскурсиялар, ачык эшиктер күндөрү, балдардын ырларына арналган республикалык видео сынак жана башка социалдык тармактарда #GMW2023kg жана #GMWBTB2023kg хэштеги менен жайгаштырылган түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү.

#gmwkyrgyzstan2023⁣⁣⠀
#btb #bankbaitushum