VISA картасын пайдалансаң – Сатуудан салыкты төлөөнүн кажети жок!

05.04.2018

Ар бир сатып алуулардан салык төлөөнүн ордуна, аны үнөмдөп калууга болот!  Накталай эмес эсептешүүлөр үчүн VISA картасын пайдалансаңыз:   

  1. Сатуу салыгы үчүн акча коротпойсуз.
  2. Кассаларда кезек күтпөйсүз.
  3. Жаныңызда накталай акча аз болсо да капа болбойсуз.
  4. Интернет-дүкөндөрүндөгү сатып алууларды оңой жүргүзүүгө болот.

Visa  картасы Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча кабыл алынат. Эгерде Сизде «Бай Түшүм» банкынын Visa  картасы болсо, накталай акча керек болуп калган учурда, анда аны бардык өлкөлөрдүн бардык банкоматтарынан айына 2 жолу акысыз жана биздин банктын бакоматтарынан дайыма акысыз накталайга алмаштырууга болот.

Өзүңүз үчүн картаны каттоодон өткөрүү  боюнча биздин бардык кеңселерибиздин бирине келсеңиз болот.