Улуттук банк жана «Бай Түшүм» шылуундар тууралуу эскертет

09.02.2023

Социалдык тармактарда, мессенджерлерде Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп жатат жана анкетаны толтургандыгы үчүн 20.000 сом акчалай сыйлык алуу мүмкүнчүлүгү бар деген SMSтер келип түшкөн учурлар көбөйдү.

Бул билдирүүлөрдү шылуундар таратып жатышат. Улуттук банк эч кандай сурамжылоо жүргүзбөйт жана шилтемелерди таратпайт.⁣⁣

Эгер сиз ушундай же окшош билдирүүнү алсаңыз – аны жок кылыңыз жана башкаларга таратууну дароо токтотуңуз. Ошондой эле шилтемелерге баш ийбеңиз жана жеке маалыматтарды же картанын маалыматтарын киргизбеңиз (пин код, картанын жарактуулук мөөнөтү жана cvv/cvc код).

Сак болсоңуз, акчаңыз коопсуз болот.

#btb #bankbaitushum