«Global Money Week — 2017» алкагындагы балдар сүрөтү конкурсуна катышуунун мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиздер

27.02.2017

6-«Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында сүрөт боюнча улуттук конкурс жарыяланган, анын демөөрчүсү болуп «Бай Түшүм» Банкы чыккан. 7 жаштан 17 жаш курагына  чейинки балдарды бул конкурска активдүү катышууга жана акчалай байгелерге ээ болууга чакырабыз. Конкурс  финансылык сабаттуулукту  жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө жана акчаны башкара билүүгө окуунун, келечекке финансылык мерчемдерди түзө жана максат койо билүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү маселеге балдардын, жаштардын көңүлүн буруу болуп эсептелет. Сүрөт иштерин 2017-жылдын 10-мартына чейин, саат 17:00дөн кечиктирбестен, Бишкек шаары, Т. Үмөталиев көч., 108, Өнүгүү саясаты Институтунун Офиси дареги боюнча жөнөтүү керек, телефондору: 0(312) 97-65-30 (31,32,33,34).

 Сүрөт конкурсу жөнүндөгү Жобо (Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы- 2017)

poster global money week