Бизди Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясы куттуктайт

24.10.2018

Бүгүн Кыргыз Республикасынын футбол боюнчаУлуттук курама командасынын башкы демөөрчүсү болгон «Бай Түшүм» Банкы 18 жашка толду!

Көп жылдардан берки топтогон ийгиликтүү тажрыйбасы, өз ишмерчилигинде эл аралык практикаларды колдоно жана бизнес-процесстерди дайыма өнүктүрө билүүсү, кардарларга жоопкерчиликтүү мамилеси, акционерлерди жана инвесторлорду колдоосу, дыкат ойлонулган кадр саясаты жана алдыга мерчемделген так стратегиясы мына ушулардын баардыгы Банкка өз ишмерчилигинде алдыңкы сапта болушуна мүмкүнчүлүк түзүүдө.

«Бай Түшүм» Банкы футбол үчүн ишенимдүү өнөктөш, ошондой эле чоң футбол командасынын мүчөсү болуп калды. Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясы «Бай Түшүм» Банкын 18 жашка толгондугу менен куттуктайт жана өз ишмерчилигинин баардык тарабы боюнча мыкты ийгиликтерди жаратууну, гүлдөп өнүгүүнү каалайт!