Бизге – 18! «Бай Түшүм» банкы өзүнүн туулган күнүнүн урматына карата белектерди тартуулайт.

18.10.2018

 

Өзүнүн 18 жашка толгондугунун урматына карата «Бай Түшүм» банкы иш мезгилинин күчөгөн маалында Супер Акция өткөрүп, насыялар, депозиттер жана VISA карталары боюнча бонустарды белек катары тартуулайт.

2018-жылдын 18- октябрынан 3- декабрына чейин гана банктын кардарлары жагымдуу бонустарды ала алышат. Сиз банкка келген учурдан баштап эле алгачкы белектердин ээси боло аласыз.

18 жашка толгондугунун урматына карата «Бай Түшүм» банкы баардык каалоочуларга VISA Electron картасын белекке берет. Буга кошумча картаны тейлөөнүн биринчи жылы толук АКЫСЫЗ!

Бирок бул башталышы гана. Сиз банкта сом боюнча депозит ачаарыңыз менен, анын пайыздык чени 1 %га көбөйөт. Акция, ошондой эле, юридикалык жактардын талап боюнча алынуучу эсептери боюнча калдыктарга да жайылтылат.

Акцияга «Эксклюзив» жана «Өсүп жетил/Расти Большой» мөөнөттүү депозиттери кошулбай тургандыгы эсиңиздерде болсун.

Бул учурда карточка эмне үчүн керек? Баары жөнөкөй. Сиздер депозитке акча каражатын жайгаштырган учурда, аманат боюнча пайыздар ай сайын так ошол картага чегерилет.

Сиз эгерде насыя алууну чечсеңиз, анда «Бай Түшүм» банкында гана үнөмдөй аласыз. Ар бир жаңыдан алынуучу насыя боюнча пайыздык чен банктын насыялык продуктуларынын  стандарттык пайыздык ченинен 1 % төмөн болот.

Мындан тышкары «Бай Түшүм» банкынын ар бир кардары жаңы VISA Electron картасын акысыз, белек катары ала алат.

Белектерди азыр эле алууну каалайсызбы? Анда «Бай Түшүм» банкына келиңиз же  0312 905 805 номери боюнча телефон чалыңыз.  WhatsApp: 0777 905 805.

Акциянын эрежелерин ушул жерден көчүрүп алсаңыз болот:

Правила Акции НАМ 18!17102018