Сиздин мобилдик капчыгыңыздын ишенимдүүлүгү – өз колуңузда !

30.08.2018

Урматтуу мобилдик капчыкты пайдалануучулар!

   «Мобилдүү капчык» – бул Сиздин гаджеттердеги универсалдуу жана абдан ыңгайлуу тиркеме. Ал реалдуу убакыт тартибинде төлөмдөрдү жүргүзүүгө, акча каражатын башка пайдалануучуларга которууга, коммуналдык тейлөөлөр үчүн жана башка көптөгөн төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк  түзөт.

Ошентсе да,  Сиздин капчыгыңыздын коопсуздугу өзүңүзгө гана байланыштуу экендиги эсиңизде болсун! Эч убакта өзүңүздүн мобилдик капчыктын паролдорун башка бирөөлөргө бербеңиз.

  Эсиңизде болсун – пароль бул жеке маалымат, аны башка кишилерге берүүгө ТЫЮУ САЛЫНАТ. Болбосо төмөндөгүдөй кесепеттерге кабылышыңыз мүмкүн:

  • Сиздин капчыгыңыздагы акчанын чыгарылып кетиши;
  • Сиздин капчыгыңыз аркылуу мыйзамга туура келбеген төлөмдөр жүргүзүлүшү мүмкүн, бул үчүн Сиз кылмыш жоопкерчилигин тартып калышыңыз мүмкүн.

Банк Сиздин мобилдүү капчыгыңыздагы акча каражаты үчүн жоопкерчиликтүү эмес экендигин эсиңиздерге салабыз.

Кошумча суроолор пайда болгон учурда банктын байланыш борборуна кайрылыңыздар:     (0 312 ) 905-805

WhatsApp     (0 777 ) 905-805