«Бай Түшүм» банкы Бүткүл Дүйнөлүк Акча жумалыгынын (Global Money Week-2019 г) алкагында балдар сүрөттөрүнүн конкурсун жарыялайт

15.03.2019

Бүткүл Дүйнөлүк Акча жумалыгы – 2019 башталууда. Биз салт болуп калгандагыдай эле, Балдар сүрөтү конкурсун колдоого алуудабыз. Сүрөт көргөзмөсү жана добуш берүүлөр   gmw.baitushum.kg. интернет  янтчасына жайгаштырылат. Мектептин ар бир окуучусу конкурска катыша алат, ошондой эле сайтка өз алдынча сүрөттөрүн жайгаштыра алышат.

«Кыялдан. Топто. Максатыңа жет!» балдардын сүрөт Конкурсу

Конкурс жыл сайын өтүүчү эл аралык кампаниянын – Бүткүл Дүйнөлүк Акча – 2019 (Global Money Week-2019) жумалыгынын алкагында  өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты жаштардын жана балдардын финансылык билим алуусуна жана финансылык сабаттуулугуна коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. 2019-жылдагы Бүткүл Дүйнөлүк Акча жумалыгы  «Окуу. Иштеп акча тап. Топто» аталышы менен  8-апрелден 12-апрелге чейинки убакыт аралыгында болуп өтөт. Конкурска сүрөттөр 7-апрель, 17:00 чейин кабыл алынат. Конкурс  Кыргыз Республикасынын билим берүүчү мекемелериндеги  7 жаштан 17 жашка чейинки  окуучулардын арасында, төмөндөгү категориялар боюнча өткөрүлөт:

– 1- категория – 7-10 жаштагылар;

– 2- категория – 11-14 жаштагылар;

– 3- категория – 15-17 жаштагылар.

Конкурстун жеңүүчүлөрү жаш курактары боюнча 3 категория боюнча «Бай Түшүм» банкында депозит ачууга сертификаттар менен сыйланышат.

Биринчи орун –6 000 сом суммасына сертификат.

Экинчи орун – 4 000 сом суммасына сертификат.

Үчүнчү орун – 2 500 сом суммасына сертификат.

Сыйлоочу байгелер жана өзүнчө номинациялар жюри тарабынан аныкталат. Сүрөттөр сайтка жайгаштырылат. Сүрөттөрдү кантип сайтка жайгаштыруу керектиги жана добуш берүү жөнүндөгү кеңири маалымат менен бул жерден таанышууга болот:  http://gmw.baitushum.kg.

Сайтка сүрөттү кантип жайгаштыруу керек?

  • кадам – http://gmw.baitushum.kg. сайтына кирүү керек.
  • кадам – Сайтта катталуу керек.
  • кадам –  Сүрөттүн  jpeg, png. форматындагы скан-версиясын же фотосүрөтүн сайтка жайгаштыруу керек. Сүрөттүн өлчөмү 1 Мб. көп болбоого тийиш. Сүрөттүн туурасы 2000 px. көп болбоого тийиш.

Конкурстук материалдарды берүүнүн акыркы мөөнөтү:

2019-жылдын 10- апрели, саат 17:00 чейин кабыл алынат.