2019 жылдагы жайкы банкир мектебине тандоо башталды.

23.04.2019

Достор!

Бул жылы эки агым болот:

 1чи агым Бишкек шаарында 17 июндан 12 июлга чейин,.
 2чи агым Ош шаарында 8 июлдан 2 августка чейин жүргүзүлөт.

Ар бир агымга мектеп өзүнө 2 лекция, презентацияларды жана окуу негизин түзгөн практикалык банк чөйрөсүндө көптөгөн жыл иштеген ишмтермандардан 2 жума практикалык сабактарды өткөрөт. Ошондо мектептин катышуучулары өзүн чыныгы банк чөйрөсүндө көрсөтө алат.


Эң жакшы катышуучуларга “Бай Түшүм” банкынын бир филиалында жумуш оруну берилет.

Сабактын жүрүшүндө биз атайын банктын сатуу негизиндеги насыя, коммуникациялык жөндөмдүү үйрөтүү, кардарды тейлөө жана банкирге эң керектүү программаларына токтолобуз. Мындан тышкары бул эки агымдан катышуучуларын биздин команда даярдаган сюрпризи күтөт, ал боюнча ар бир катышуучу өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп ача алат.

Мектепте окуу акысыз, бирок сынак жогорку деңгээлде, ошондуктан катышууга же банк боюнча кызыккандар эгерде болсо, анда бул дарекке “Жайкы банкир мектеби. Бишкек” же “Жайкы банкир мектеби, Ош” деп эртерек жөнөтүнү сурайбыз: baitushum@baitushum.kg

Биз Бишкек жана Ош шаарларынын жогорку окуу жайдагы же экономикалык багыттагы колледждердин бүтүрүчүлөрүн күтөбүз, кыйындыктан коркпогон, жаңыны билигиси келген, Кыргызстандын эң ири бир банкынан карьералык өсүштү каалагандар болсо, өз мүмкүнчүлүгүңүздү өткөрүп албаңыз!

#Kyrgyzstan #bankBT #bankbaitushum #baitushum_education#baitushum_school #школабанкира

#Я_банкир #Bishkek #Бишкек#Osh #Ош