Мы продолжаем рассказывать историю о наших сотрудниках

13.06.2019

 

Биз өзүбүздүн кызматкерлерибиздин тарыхын баяндоону улантабыз

Бегимай Самарбекова 8 жылдан бери насыя берүүдө иштеп келе жатат. Ал азыр Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарындагы сактык кассада иштейт.

«Мага адамдар менен пикир алышуу абдан жагат, ар бир күнү жаңы адамдар менен таанышам. Мен өзүмдүн ишимди абдан кастарлайм. Ырчы ырдаганды сүйүп, музыкасыз өзүн элестете албаган сымал, мен да насыялоо тармагын өзгөчө баалайм. Банкта иштегенге чейин мен эки жыл мамлекеттик кызматта, кагаз иштерин алып баруучу болуп иштегем. Ал иш менен азыркы ишимдин айырмасы бир топ», – дейт Бегимай.

Бегимай банкка келген эң алгачкы иш күндөрүн абдан жагымдуу элестетет:

«Алгачкы учурлардагы менин устатым Сайера Файзуллаева болчу. Анын адамдар менен сүйлөшө билгендиги мени абдан таң калтырды. Насыялар боюнча кардарларга берип жаткан кеп-кеңештерин угуп олтруп, мен өзүм да насыя алгым келген. Ал кардарлар ойлонуп келген мерчемдерин кантиш ишке ашырса болоорлугун абдан жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берип, аларды алга карай шыктандырып турчу. Мен да өз ишимди ошондой жакшы аткаргым келчү», – деп эскерет Бегимай.

Бегимай сыяктуу Сиз да адамдар менен пикир алышууну жана сатууну жактырсаңыз, анда Сизге биздин банктагы  сатуулар боюнча адистин (насыялык адис) вакансиялык орду кызыктуу болушу мүмкүн. Азыр биз командабызды чыңдоо үчүн көпчүлүк филиалдарыбызга жаңы кызматкерлерди алып жатабыз. Кеңири маалыматты бул шилтеме боюнча алыңыз: ➡ http://www.baitushum.kg/ru/vacancy/.

Резюмени жөнөтүү үчүн почта ➡ baitushum@baitushum.kg.

 

#bankbaitushum_команда #baitushumteam