BTB мобилдик тиркемеси эми кытай тилинде жеткиликтүү
06.08.2026
«Бай-Түшүм» Банкы ААК кардарлар үчүн санариптик кызматтарын үзгүлтүксүз өнүктүрүп, аларды дагы ыңгайлуу кылууну улантууда. Эми жеке жактар үчүн арналган BTB мобилдик тиркемеси кытай тилинде да жеткиликтүү.
Кытай тилинин кошулушу Банктын бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу санариптик чөйрөнү түзүү багытындагы дагы бир маанилүү кадамы болуп саналат. Жаңы тилдик версия кытай тилинде сүйлөгөн кардарларга тиркеменин бардык мүмкүнчүлүктөрүн тилдик тоскоолдуктарсыз пайдаланууга шарт түзөт.
BTB мобилдик тиркемеси аркылуу колдонуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат:
- виртуалдык карталарды ачуу;
- акча которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү;
- коммуналдык кызматтарды, уюлдук байланышты, интернетти жана башка кызматтарды төлөө;
- эсептердин жана карталардын абалын көзөмөлдөө;
- депозиттерди ачуу;
- банктын өнүмдөрүн тариздөө жана башка санариптик кызматтарды колдонуу;
- каалаган убакта жана дүйнөнүн каалаган жеринен өз каржысын башкаруу.
«Бай-Түшүм» Банкы банктык кызматтарды ар бир кардар үчүн жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу максатында санариптик технологияларды өнүктүрүүнү улантууда.
BTB мобилдик тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңыртыңыз, жөндөөлөрдөн кытай тилин тандап, тиркеменин бардык мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу ыңгайлуулук менен пайдаланыңыз.

