Сүрөттөрдүн Улуттук конкурсунун жеңүүчүсү Георгий Морозовдун Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы жана өзүнүн иши жөнүндөгү пикири

22.03.2018

«Мен сүрөтүмдө өзүнүн 25 жылдыгын белгилеп жаткан Сомду тарттым. Анын жанында биздин валютабызды куттуктап жана ага мындан ары да гүлдөп өнүгүүнү каалаган Кыргызстан отурат», –деп айтты Сүрөттөрдүн Улуттук конкурсунда 15 жаштан 17 жашка чейинки балдардын арасында биринчи орунду ээлеген №13 орто мектептин окуучусу Георгий Морозов.

Георгий Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы көтөргөн темалар абдан маанилүү деп эсептейт.

«Биздин муун – өлкөнүн келечеги, а биз өзүбүздүн жаш курагыбызда акчаны билбестик менен колдоноорубузду эске алсак, анда Global Money Week сыяктуу  акция бизди финансылык сабаттуулукка окутууга тийиш деп эсептейм. Бул акция дагы узак жылдарга чейин жүргүзүлөт деп ойлойм», – деп эсептейт мектеп окуучусу.

Сүрөт музейиндеги балдар сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнө баардык каалоочулар барышса болот. Экспозиция 4-апрелге чейин улантылат.