Максат Ишенбаев: Кыргызстанда “жашыл” экономиканы өнүктүрүү керек

04.06.2018

1 июнда Бишкектеги эл аралык BIFF – 2018 каржылык форумунда “Бай Түшүм” банкынын төрагасы Максатбек Ишенбаев “Каржылык энергия тийимдүү долбоорлор” темасы менен сөз сүйлөдү. Максатбек Ишенбаевдын айтышы боюнча, айлана чөйрө менен байланыш болбосо, кандай гана өлкө болбосун экономиканын туруктуу өнүгүшүнөн жана социалдык өнүгүүдөн пайдасы жок. Туруктуу өнүгүү концепциясына карата экологиялык, социалдык, экономикалык факторлорго бирдей карап, көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү чечимдерин издөөнү талап кылат.

“Бүгүнкү күндө бардык өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өнүктүрүү жоболорунда “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнү караган өлкөнүн инвестициялык саясатты жана жеке тараптардын инвестициясы белгиленген, ошол эле каржылоонун булактары дагы так көрсөтүлгөн. Балдарга жана неберлерибизге таза экологияны калтыруу үчүн мамлекет өнүгүү жобосуна милдетүү түрдө “жашыл” экономика шартарын киргизүү керектигин түшүнүшү керек. “Жашыл экономиканы” өнүктүрүү үчүн “дөңгөлөк ойлоп табуунун” кереги жок. Милдетүү түрдө Кытайды үлгү катары албашыбыз керек, алар 2023 жылы 460 млрд АКШ долларын бул көйгөйдү чечүүгө жумшамак. Ар бир өлкө өзүнүн экономикасынын, технологиясынын, каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн көлөмүн эске алышы керек. Кайсыл, бири салык жеңилдиктерин берет, мисалы Финляндия жана Түркия, кайсыл бири каржылоону пайыздык ченин нолго жеткирип берет – АКШ жана Улуу Британия, кайсыл бирөөсү, Бангладеш жана башка өлкөлөр сыяктуу өзгөчөлүү фонд түзүшөт. Кыргызстан келтирилген мисалдардын каалаганына бара алат. Башкысы бул жерде, калоо жана саясий эрктүүлүк “policy makers” керек – деп “Бай Түшүм” банкынын төрагасы Максат Ишенбаев белгиледи.

“Бай Түшүм” банкы 6 жылдан бери энерго тийимдүү долбоорлорду KIVA фонду, Кыргызстандагы энерго туруктуулук долбоору (KyrSEFF жана KyrSEFF+), Европа Өнүгүү жана Реконструкциялоо, KFW өнүгүү банктары  тарабынан иштелип чыгарылган жоболор менен кызматташып, каржылап келет. Бул жоболор аркылуу жалпы көлөмү 6,5 млн АКШ доллары болгон долбоорлор ишке ашты. Мындан сырткары, Кыргызстандагы энерго туруктуулук долбоору (KyrSEFF жана KyrSEFF+) банк кардарларына 401 000  АКШ долларын түзгөн грант берилди.

“Жакынкы “Бай Түшүм” банкынын жоболорунда мындай “жашыл” атайын долбоорлорду каржылоо уланат.  Бул өнүмдү кайра өндөө, суу чачуу жана өстүрүү, күн куралдарын жана тазалоо тетиктерин орнотуу боюнча каржыланат. Биз унаалар үчүн бөлүнүп чыккан газды азайтуу үчүн атайын жабдыктарды алууга кызыкдарбыз” – деп кошумчалады “Бай Түшүм” банкынын төрагасы Максатбек Ишенбаев.

Жыл сайын өтүүчү Кыргыз Республикасынын банк бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган ишкердик-форумунда каржы-насыя чөйрөсүндөгү суроолор талкууланды. Иш чөйрөсүнө жергиликтүү жана чет элдик банк жана ошондой эле микро насыялык адисттери, молбилдик тейлөө операторлору, камсыздоо, каржы уюмдарынын өкүлдөрү чогулушат.