«Бай Түшүм” Банкынын насыялык куржунунун көлөмү 5 миллиард сомго жетти

12.06.2014

2014- жылдын  10-июнундагы маалымат боюнча “Бай Түшүм” Банкынын насыялык куржуну 5 миллиард сомдук чекти багындырды. Банктын насыялык куржуну үстүбүздөгү жылдын беш айынын ичинде 19,6 %га көбөйдү, жыл башынан бери бул багыттагы өсүш 819 млн. сомду түздү. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 53%га жогору.

“Бай Түшүм” Банкынын насыялык куржунунун түзүмүндө чакан жана орто бизнеске берилүүчү насыялар—75%ды түзүп, негизги орунда турат, ипотекалык насыялар – 18%ды жана керектелүүчү насыялар – 7%ды түзөт. Банк тарабынан  2014-жылдын 1-январынан тарта берилип жаткан насыялардын жалпы көлөмүнүн 39%зы  агронасыяларга берилүүдө.

Банк насыялык куржунун активдүү өнүктүрүүнү уланта бермекчи. Мында ар бир кардардын жеке талабына ылайык келүүчү ыңгайлуу шарттарды сунуш кылуу негизги багыт болот. “Бай Түшүм” Банкы мындан тышкары депозиттер боюнча атайын жарыяланган жайкы акциянын алкагында жеке адамдар үчүн аманаттарга болгон пайыздык ставкаларды  жогорулатты.

Бүгүнкү күндө аманаттарды сом менен жылдык 16% ставка менен жайгаштырууга болот. Аманатка жайгаштыруунун минималдуу суммасы 1000 сомдон жогору.