«Банкирдин жайкы Мектеби – бул банктын жогорку кесипкөй команданы түзүү боюнча стратегиялык кадамдарынын бири»

20.07.2018

Биз тандалып алынган студенттерге жана мектептин ишинин жыйынтыгына ыраазы болдук. Мектепке баардыгы болуп 200 резюме берилген болчу, 20 гана катышуучу тандалып алынды. Эмки жылы биз банкирдин Мектебинин  ишин февраль же март айында баштоону мерчемдеп жатабыз, бирок ал Бишкекте эле эмес, түштүк аймакта да болмокчу. Биздин тренингдердин натыйжасы тез эле көрүнө калбастыгын, ал Мектепти аяктагандан кийин эки-үч айдан кийин көрүнө тургандыгын түшүнөм, бирок биз бул катышуучулар убагы келгенде жогорку кесипкөй адистерден боло алышат деп ишенем. Буга кошумча, бизде ишке орноштуруу боюнча чектөөлөр жок. Эгерде жыйынтыгында зарыл талаптарга толук жооп беришсе, өздөрүнүн алган билимдерин иште көрсөтө алышса, анда Мектепти бүтүрүшкөн соң, бардык катышуучуларды штатка алууга биз даярбыз.

Теориялык курс аяктаган соң, катышуучулар өтүлгөн материалдар боюнча экзамен тапшырышат, андан кийин эки жумалык практикадан өтүшөт. Мындан соң биз маектешүүлөрдү өткөрүп, андан ары биздин банкта ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү менен кимдер стажировкадан өтө тургандыгын аныктайбыз.

Катышуучулардын мотивациясы абдан жогору. Жаш адистердин 90%га жакыны «Бай Түшүм» банкында иштөөнү каалашат. Калган 10%ы пайдалуу иш ыкмаларын өздөштүрүү үчүн келишкендер. Бардык тренерлер чогулган топ абдан күчтүү экендигин белгилешти.

Банкирдин Мектеби – бул жаңы гана иштей башташкан банкирлерге жакшы билим берип жана ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүүгө жардам бере турган, биз ишенген долбоор.

©️ Карашева Гульнура – «Бай Түшүм» банкынын

персоналдарды өстүрүү бөлүмүнүн башчысы.