«Бай Түшүм» Банкы күнөсканаларды лизинг түрүндө каржылоо боюнча атайын программаны сунуш кылат

01.02.2014

Күнөскана жабдууларына болгон лизингди өнүктүрүү үчүн «Бай Түшүм» Банкы бүткүл республиканын фермерлерин техникалык жана консалтинг боюнча колдоого алган «Агроөнөржай экокомплекси» ЖЧКсы менен өнөктөштүк келишим түздү. Фермердик жана дыйкан чарбалары, айыл чарба кооперативдери жана ишкерлер бул Лизинг программасынын катышуучулары боло алышат.

Биргелешкен программа жабдууларды жаңылоо жана пайдалуу шарттарда узак мөөнөткө каржылоо менен камсыз кылуу аркылуу ишкерлерди колдоо максатында иштелип чыкты. Насыя каражаттары 7 жылдык мөөнөткө чейин улуттук валюта менен жылдык 24 пайыз жана доллар менен жылдык 20 пайыз үстөгү менен берилет. Фермерлерге алардын бизнесинин мезгилдүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен насыяны төлөөнүн жекече графиги да сунушталат.

«Бай Түшүм» Банкы фермерлердин жекече муктаждыктарын канааттандыруу үчүн мындан башка да банк продуктуларын сунуш кылууга даяр.

АПЕК – Кыргызстандын айыл чарбасына жаңы технологияларды жайылтуучу Компания. Компаниянын максаты- теплицаларды сатуу гана эмес, кардар үчүн аны алда канча пайдалуу жана кирешелүү кылуу.

«Агроөнөржай экокомплекси» Кыргызстандын фермерлерине дүйнөнүн эң мыкты өндүрүүчүлөрүнүн теплицаларын гана сунуш  кылбастан,фермерлердин бардык күч-аракети максималдуу жогорку киреше алып келсин үчүн алардын технологиясы жана тажырыйбсы менен да бөлүшөт.