«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы «Автомаш-Радиатор» ЖЧКы менен биргелешип лизинг боюнча жаңы программасын иштетип башташты

08.02.2013

Бүгүнкү күндө айыл чарбасында башкы проблемалардын бири бул машина-трактор паркынын эскилиги жана техникалык жабдыктардын абдан начардыгы болуп келет. Ушул багыттын маанилүүлүгүн түшүнүү менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы жана «Автомаш-Радиатор» ЖЧКы жеткиликтүү лизингдик программанын иштетилип башталгандыгы жөнүндө жарыялашты.

«Биргелешкен программа, советтер союзу убагында эле алынган техникаларды жаңыртуу аркылуу айыл чарбалык секторду колдоо максатында иштелип чыкты. Биздин негизги максат – бул ишкерлерге ыңгайлуу шарттарда узак мөөнөткө айыл чарбалык техникаларды сатып алууга карата каржылоо алуу мүмкүндүгүн берүү», – деп белгиледи Гульнара Шамшиева, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФ Банкынын Башкы менеджери.

Катышуучулар, лизингдик программанын чегинде, 5 жылдык мөөнөтү менен 10 млн. сомго чейинки суммага тракторлорду, комбайндарды, чөп чапкычтарды, урук себүүчүлөрдү, культиваторлорду жана россия жана белоруссия өндүрүшүнүн башка жабдыктарын лизингге сатып ала алышат. Банк, техниканын наркынан 70% чейинки наркын, ошондой эле күрөөгө ликвиддүү кыймылсыз мүлк коюлган учурда 100% каржылай алат.

«Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн бирден бир артыкчылыктуу багыттарынын бири фермердик чарбаларды жана айыл чарба кооперативдеринин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Аны ишке ашыруу, заманбап айыл чарбалык техникага жараша ишке ашырууга болот, анын аркасында түшүмдүүлүктүн орчундуу жогорулашына да мүмкүндүк түзүлөт» – деп баса белгиледи Андрей Гомаюнов, «Автомаш-Радиатор» ЖЧКнын маркетинг боюнча директору.

Маалымат үчүн:

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы ЖАКы жөнүндө
«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 14-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет. Кошумча маалымат www.baitushum.kg сайтында берилди.

«Автомаш-Радиатор» ЖЧКы жөнүндө
«Автомаш-Радиатор» ЖЧКы, техниканын ар кандай түрлөрү – тракторлор, комбайндар, жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар жана атайы техникалар үчүн алюминий жана жез-латундан жасалган заманбап радиатордук продукцияларды иштеп чыгууга жана жасап даярдоого адистештирилген. Заводдун продукциясы жогорку техникалык мүнөздөмөлөрү, сапатынын стабилдүү деңгээли, ишенимдүүлүгү менен мүнөздөлөт жана СМК ИСО 9001:2001 системасы боюнча сапаттын шарттарына жооп берет. «Автомаш-Радиатор» ЖЧКнын продукциясы, ЧТЗ, Промтрактор, ПТЗ, Ростсельмаш, МТЗ, Гомсельмаш, Амкадор, БЗТДА жана башкалар сыяктуу ири ишканаларга экспортко (97%) коюлат. Мындан тышкары, «Автомаш-Радиатор» ЖЧКы «Минск трактор заводу», «Гомсельмаш» ПО, Амкадор, «Трактордун деталдары жана агрегаттардын Бобруй заводу» РУП, «Ростсельмаш» жана башкалардын расмий дилери болуп саналат.

«Автомаш-Радиатор» ЖЧКы, бүтүндөй республика боюнча 300 000 фермердик чарбалар, эл аралык уюмдар: , АРИС MERCY CORPS, Кызыл Крест, Кызыл Жарым ай, ПРООН жана башкалар, ири өнөр-жай ишканалары – АО ТНК «Дастан» ТНК АК, Авточогултуучу завод, Кумтөр Оперейтинг Компани жана башкалар менен кызматташат.