“Алтын” дүкөнүнөн саркеч зер буюмдарын мөөнөтүн узартып төлөө менен сатып алыңыздар

01.03.2018

Бизде 8-Мартка карата жагымдуу жаңылык бар.

«Бай Түшүм» банкынын насыясынын жардамы менен товарларды мөөнөтүн узартып төлөө менен алууга боло турган дүкөндөрдүн катарына «Алтын» зер буюмдар дүкөнү да кошулду. Бул зер буюмдары дүкөнүнөн өзүңүзгө же жакындарыңызга саркеч зер буюмдарын мөөнөтүн узартып төлөө менен алуу үчүн сизге 2 гана документ: паспорт жана айлык маяна жөнүндөгү маалым кат керек.

Сатып алуулардын баасы 75 000 сомго чейин болгон учурда баштапкы салымдын да, кепилдик берүүчүнүн да зарылдыгы жок.

Эл аралык Аялдар күнүнө карата эсте калаарлык белектерди тандап алуу үчүн «Алтын» дүкөнүнө келиңиздер.