“Бай Түшүм” командасы волейбол боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи!

09.10.2023

7-октябрда КР банктарынын Кубогу үчүн күрөштө кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча мелдеш аяктады. Волейбол командаларынын ичинен биздин кыздар чемпиондук наамын кайрадан татыктуу коргошту!

Биздин команданы куттуктайбыз жана бул жеңиш менен эле токтоп калбасын каалайбыз!

Биз сиздер менен сыймыктанабыз!