«Банк Компаньон» ЖАКтын башкармалыгынын экс-төрагасы У.К. Термечиковдун бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз

03.03.2018

Кечээ, 2018-жылдын 2- мартында «Банк Компаньон» ЖАКтын башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын директорлор кеңешинин экс-төрагасы Термечиков Уланбек Азисович дүйнөдөн кайтты.

«Бай Түшүм» банкынын жамааты Уланбек Азисовичтин жубайы Эльвирага жана балдарына, бардык туугандарына, жакындарына, ошондой эле «Банк Компаньон» ЖАКтын жалпы жамаатына көңүл айтат. Бул орду толгус жоготуунун кайгысын сиздер менен тең бөлүшөбүз.