“Бай Түшүм” банкы “Сактоолуктарды түзүү” номинациясында КИВА Фондунун өзгөчөлөнгөн белгисине татыктуу болду

23.06.2014

“Бай Түшүм” Банкы КИВА Фондусунун социалдык жоопкерчилик багытындагы (Social Performance Strengths) “Сактоолуктарды түзүү” номинациясы боюнча өзгөчөлөнгөн белгисине ээ болду. Бул номинация Банкка депозит продуктуларынын пайдалуу кеңири тизмеси аркылуу кирешеси аз адамдарга акча каражаттарын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен финансылык туруктуулугунун өнүгүшү үчүн аракет көргөндүгү үчүн берилип отурат.

– “Бай Түшүм” Банкы кирешеси аз адамдарды колдоого багытталган КИВА Фондусунун долбоору менен кызматташып келе жаткан Кыргыз Республикасындагы жалгыз банк болуп эсептелет. Кардарлардын кирешеси аз категориясы үчүн насыялар жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет, ушул себептүү бул продукт Ата-Мекендик рынокто өтө жогору бааланат жана аймактарда жашаган калк арасында ага болгон муктаждык жогору. Аймактарда иштөөнүн жогорку тажрыйбасына ээ болуу менен жана андагы өзгөчөлүктөрдү, кардарлардын талабын билүү менен Банк мындан ары да аймактардагы кардарларга жана ишкерлерге финансылык жана финансылыкка байланышпаган колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи. Бул өз кезегинде калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана бизнес-кардарлардын чөйрөсүн кеңейтүүгө шарт түзмөкчү, – деп белгиледи “Бай Түшүм” Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Ушундай негизде “Бай Түшүм” Банкы бүгүнкү күндө КИВА Фондусунун бардык алты номинациясынын ээси болуп саналат, социалдык-жоопкерчиликтүү каржылоону (“Сактоолукту түзүү”, “Жакырчылык менен күрөшүү”, “Инновация” жана “Кардардын каалоосу”) ишке ашыруу менен өзүнүн жетишкендиктерин жана жогорку компетенциясын бекемдөөдө.

  • «Жакырчылык менен күрөшүү» – калктын кирешеси аз катмарына алар жете ала тургандай финансылык кызматтарды көрсөтүү аркылуу, Банктын жетектөөчү принциптеринде жана ал жүргүзө турган саясатында чагылдырууларды тапкан, жакырчылык менен күрөшүүдө социалдык миссияга таянгандыгы үчүн, ошондой эле аймактардагы турмуш деңгээлинин туруктуу өнүгүшүнө жана элдин жашоо сапатын жакшыртууда салымын кошкондугу үчүн
  • «Үй-бүлөдөгү жана коомчулуктагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» – аны менен бирге өз кардарларынын турмуш деңгээлинин өсүшүнө көмөктөшүү жана аны жакшыртууну камсыз кылуу менен билимге, саламаттыктарын сактоого жетишүүдө колдоо көрсөтүү менен кардарлардын, алардын үй-бөлөлөрүнүн жана коомчулуктун керектөөлөрүнө түздөн түз багытталган кызматтарды көрсөтүүдө жаңы бизнес-практиканы ишке киргизгендиги үчүн
  • «Ишкердикти колдоо» – окутууда, өзүнүн бизнесин башкарууда жана өнүктүрүүдө, өзүнүн бизнесин баштап жаткан ишкерлердин кеңири катмарынын муктаждыктарына жооп бере турган продуктылардын өзгөрүлмө жана актуалдуу багытында жардам берүү аркылуу ишкерлерди колдоодогу активдүү иш-аракеттери үчүн
  • «Инновация» – калкка, өзгөчө айыл жерлеринде жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө инновациялык финансылык чечимдерди ишке киргизгендиги үчүн
  • “Кардардын каалоосу” өзүнүн бизнес-практикаларын адаптациялоо жана кардарлардын талабын аткаруу үчүн продуктуларды сунуш кылуу аркылуу социалдык миссияга багытталган иш-чараларды турмушка ашыруу багытында жүргүзүп жаткан иши үчүн берилген номинация.

КИВА Фонду- бүткүл дүйнө жүзү боюнча социалдык жактан жакыр калкты насыялоо максатында адамдарды бириктирүүчү жана жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык ишмерчиликке салым кошуучу Интернет-платформа болуп саналат. КИВА Фонду дүйнөнүн 76 өлкөсүндөгү 257 финансылык уюм менен кызматташат.