BaiPay менен 10% кэшбэк: Бай-Түшүм Банкы Кытайдагы сатып алуулар үчүн кайрадан акциясын жарыялайт
22.05.2026
Бай Тушум Банк BaiPay карталарынын ээлери үчүн жаңы акциянын башталганын жарыялайт. Эми банктын кардарлары Кытайда жана популярдуу кытай маркетплейстеринде түз төлөм жүргүзгөндө 10% кэшбэк ала алышат.
BaiPay — бул Кытайда ыңгайлуу төлөм жүргүзүү, онлайн-шопинг жана саякат үчүн атайын иштелип чыккан UnionPay системасындагы заманбап юань картасы. Карта кошумча валюталык конвертациясыз төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, сатып алууларды дагы пайдалуу жана ыңгайлуу кылат.
BaiPay картасынын негизги артыкчылыктары:
- кытай юанындагы эсеп — кошумча конвертациясыз;
- кытай маркетплейстеринде сатып алууларда 3% чейин үнөмдөө;
- Pinduoduo, JD.com жана башка кытай аянтчаларында ыңгайлуу төлөм жүргүзүү;
- карта Кытайдын бардык аймагында кабыл алынат;
- саякат, бизнес жана онлайн-сатып алуулар үчүн ыңгайлуу.
Сатып алууларды төлөп, карта аркылуу түз жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн 10% кэшбэк түрүндө кошумча пайда алыңыз. Бир календардык ай ичинде бир картага эсептелүүчү кэшбэктин максималдуу суммасы 600 юанды түзөт. Кэшбэк картага 15 календардык күндүн ичинде түшөт.
BaiPay картасын банктын каалаган бөлүмүнөн тариздөөгө, банктын сайтынан заказ берүүгө же BTB мобилдик тиркемеси аркылуу виртуалдык картаны ачууга болот.
📅 Акция 2026-жылдын 22-майынан 22-ноябрына чейин жарактуу.
Акциянын шарттары тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден, ошондой эле банктын каалаган бөлүмүнөн же 88-99 телефону аркылуу алсаңыз болот.

