Каракол филиалы «Каракол: жашоо үчүн да, бизнес үчүн да ыңгайлуу» Бизнес Форумунун көргөзмөсүнө катышты

18.02.2017

17-февралда Каракол шаарында Каракол дестинациясынын, Ысык-Көл облусунда бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңешинин, ЖИА-Ысык-Көл Бизнес ассоциациясынын демилгеси, мындан тышкары  USAIDд ин  «Бизнести өнүктүрүү боюнча демилге» долбоорунун колдоосу менен  «Каракол: жашоо үчүн да, бизнес үчүн да ыңгайлуу» Бизнес Форуму болуп өттү. Форумга бизнестин 150дөн ашуун  жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Форумдун уюштуруучулары бизнес-коомчулугу менен бийликтин жергиликтүү уюмдарынын ортосунда туристтик кубаттуулукту өнүктүрүүгө  жана Каракол шаарынын инвестициялык  жагымдуулугун жогорулатууга байланышкан маселелерди чечүү  боюнча конструктивдүү диалог үчүн сүйлөшүүлөрдүн бирдиктүү аянтчасын түзүүнү өздөрүнүн максаты катары коюшкан.

Бул форумдун алкагында Каракол филиалынын сатуулар боюнча адистери катышуучуларга «Бай Түшүм» банкынан каржылоону алуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп-кеңештерин беришти.

IMG_4795