«Бай-Түшүм» Банкынан «Социалдык төлөмдөр» төлөм картасын кантип алууга болот?

18.10.2016

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү Министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында «Бай Түшүм» Банкы жөлөкпул жана компенсацияларды алуучу кардарларына «Социалдык төлөмдөр» төлөм картасын каттоодон өткөрүүнү сунуш кылат.

«Социалдык төлөмдөр» төлөм картасынын артыкчылыктары:

  • АКЫСЫЗ чыгаруу
  • АКЫСЫЗ  жылдык тейлөө
  • Картадагы калдык акчага жылдык 5% АКЧА КАРАЖАТЫН ЧЕГЕРҮҮ
  • Банкоматтардан жана «Бай Түшүм» банкынын накталай акча берүүчү пунктарынан акча каражатын АКЫСЫЗ чыгарып алуу
  • Бүткүл Кыргызстан боюнча 2080ден ашуун банкоматтардан акча каражатын чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү

«Бай Түшүм» Банкынын «Социалдык төлөмдөр» төлөм картасын кантип алууга болот?

  1. Банктын кайсы гана болбосун офисине кайрылып, паспортуңузду жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинен берилген социалдык төлөмдөрдү ырастаган справканы көрсөтүү керек.
  2. Арыз жазып, «Элкарт» картасын чыгарууга жана тейлөөгө келишим түзүү керек.
  3. Банктан каттоодон өткөн арызды жашаган жериңиз боюнча Социалдык фонддун бөлүмүнө өткөрүп коюу керек.

«Социалдык төлөмдөр» төлөм картасы боюнча Тарифтер

 Сутка боюу иштөөчү техникалык колдоонун телефондору:

Банктар аралык процессингдик борбор:  (312) 637696, 692881, 627230;

«Бай Түшүм» Банкынын Сизге жакын жайгашкан офисинин дарегин жана байланыш телефондорун «Контакты» бөлүмүнөн, же  (312) 905 805 телефону аркылуу Байланыш борборунан билип алууга болот.