Жаңылып калбай, акчаны канткенде сабаттуу сактоо керек?

26.02.2018

    Акчаны кайсы валютада сактаган жакшы –доллар мененби, же сом мененбиКапитализация деген эмнеДепозитте тез арада акча табууга болобу?

Ушул жана башка көптөгөн суроолорго  жооптор биздин @24_kg менен өнөктөштүк материалыбызда орун алды.

12:00, 25 февраль 2018, Бишкек — «24.kg» МА, Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Экономисттер айлык маянанын  жок дегенде  ондон бир бөлүгүн бөлүп алып, топтой жүрүүгө кеңеш беришет. Бирок жөн эле акча топтоо бир кеп, а топтоонун өзүндө иштеп таба билүү – бул башка кеп. «24.kg» маалымат агентигинин корреспонденти жаңылбас үчүн акчаны кантип салуу керектиги жөнүндө билүү максатында «Бай Түшүм» банкынын кызматкерлери менен маек курган.

  • Акчаны кайсы валютада сактаган жакшы – доллар мененби, же сом мененби?                                                                               Бул Сиз эмне үчүн акча чогултуп жатканыңызга жараша болот. Эгерде доллар керектеле турган эс алууга барууну болжосоңуз, же балаңызды чет жакка жөнөтө турган болсоңуз анда доллар топтогонуңуз туура. Эгерде сом менен чоңураак сатып алууларды жүргүзө турган болсоңуз, анда ошол акчаны топтоңуз. Кайсы валюта керек экендигин аныктап алгандан кийин, канча сумманы, кандай мөөнөткө топтоо керек экендигин чечип адыңыз. Мында депозитти тандоо акыркы кадам болууга тийиш.

Кандай болгон күндө да, бир жөнөкөй эрежени кармануу керек: акчаны бир гана валютада сактабаңыз. Баары жөнөкөй. Эгерде акчаны ар кандай валюталарда сактасаңыз, анда акча курстарынын кескин төмөндөп кетүүсүнөн күйүп кетүү тобокелчилиги да азыраак болот.

  • Кайсы депозиттер эң эле пайдалуу?

Рынокто депозиттик продуктулардын жетишээрлик көп саны бар. Алардын ар бири ар кандай максаттарга туура келет. Эгерде банктын пайыздык чени боюнча кирешени максималдуу түрдө алгыңыз келсе, анда депозитти максималдуу мөөнөткө, толуктоо мүмкүнчүлүгү жок, же толуктоо мүмкүнчүлүгү менен салууга болот.Эреже катары ошол жактарда эң жогору чендер коюлат.

  • Капитализация деген эмне?

Мисал үчүн «Бай Түшүм» банкындагы «Сиздин капитал» депозитин алалы. Эгерде ушул депозитти ачсаңыз, анда чегерилген пайыздардын суммасы  ай сайын депозиттин суммасын көбөйтүп турат. Бул жыйынтыгында мөөнөт аяктаган учурда кирешенин жалпы суммасын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

  •      Эгерде сиздин чакан бизнесиңиз болсо, мезгил-мезгили менен акчага муктаж болуп турган учурда кайсы депозиттерди пайдалануу артыкчылыктуу?

Чакан жана орто бизнес үчүн акчаны бөлүп-бөлүп алып туруу мүмкүнчүлүгү каралган депозиттер ыңгайлуу. Мислы, Сиз бош акча каражатыңызды «Бай Түшүмдүн» «Эксклюзив» депозитине жайгаштырасыз. Жыйынтыгында убактылуу бош акча каражатыңыздын суммасына кошумча пайыздык киреше аласыз. Буга талап боюнча алынуучу депозитке караганда пайыздар көбүрөөк чегерилет. Акча каражатынын кайсы бир бөлүгү керек болуп калган учурда, чегерилген пайыздарды жоготпой туруп, депозитте минималдуу калдык суммасын – 5 миң сом, же 100$ калтыруу менен алууга болот.

  • Депозиттерде тез арада акча иштеп табууга болобу?

Болот. Азыр банкта «Бай-Тушум. Пайдалуу» депозити берилген. Бул депозит аз убакыт аралыгында, мисалы 6-9 айда максималдуу пайыздык киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Жарым жылга жайгаштырган учурда киреше 7 пайызды, тогуз айга жайгаштырган учурда – 9 пайызды түзөт

  • Бул чындыгында эле пайдалуубу?

Ооба. Сизде акча бар дейли, бирок аны сиз узак убакытка, мисалы  эки жылга депозитке сала албайсыз. Бирок жакын арада ал акчаны колдонууну да болжогон жоксуз – келечекте чоңураак сатып алууну жүргүзүү үчүн чогултуп жатасыз. Мына дал ушундай жагдайлар үчүн «Пайдалуу» депозити туура келет. Акча – иштеп турууга тийиш. Мисалы сизде 100 миң сом акча каражаты болгон учурда, 6 айдагы пайыздык киреше 3,5 миң сомду түзөт. Сиз болжогон сатып алууну да жүргүзөсүз жана акча да иштеп таба аласыз.

  • Депозиттин жардамы менен батир же машине алуу үчүн акча топтоого болобу?

Албетте, болот. Көпчүлүк адамдар ушундай кылышат.Эң башкысы – максат коюп, зарыл болгон сумманы жана ай сайын бөлүп койо ала турган сумманы аныктап алуу керек жана өз планыңызды тартиптүү сактоого тийишсиз.

Кыймылсыз мүлктү сатып алуунун мөөнөтүн кыскартуу үчүн,  баштапкы салымды топтоо мүмкүнчүлүгүн, мисалы батирдин жалпы наркынын 30 пайызын топтоону карап көрүү керек, а батирдин наркынын калган 70 пайызын насыя түрүндө (ипотека) банктан алууга болот. «Бай Түшүм» банкынын кызматкерлери насыяны эсептеп жана сиздин кирешеге карата төлөөнүн максималдуу ыңгайлуу болгон бир нече графигин сунуш кыла алышат.

  • Депозит – айлык маянасы жогору жана акчасын кайда койорун билбегендер үчүн эле керектүүбү?

Бул – миф. «Бай Түшүм» банкындагы депозиттин минималдуу суммасы 1 миң сомду жана андан ары толуктоонун суммасы 500 сомду түзөт. Мисал үчүн, эгерде 9 айдын аралыгында «Бай Түшүм. Ыңгайлуу» депозити боюнча  ай сайын 2 миң сомдон толуктап турсаңыз, анда бир жылдан кийин сиздин суммаңыз 19 миң сомду түзөт. Мындай суммага ар кандай тиричилик техникасын, телевизор, муздаткыч, эмерек  сатып алууга же үйүңүздү оңдоп-түзөп алууга болот. Бул «Мобильник» төлөм терминалы аркылуу каалаган убакытта депозитти толуктап турууга боло тургандыгы менен да абдан ыңгайлуу.

  • Бир караганда байкалбаган, бирок жагымсыз жагдайлар жаралып калышы мүмкүнбү?

Депозитти жайгаштыруунун бардык шарттары келишимде көрсөтүлгөн. Бул Улуттук Банктын көзөмөлү алдында турат. Бирок, келишимге кол койор алдында аны көңүл коюп окуп чыгуу керек. Эгерде келишимге кол койор алдында кандайдыр бир суроолор пайда болгон болсо, анда аны банктын адистери менен сөзсүз түрдө талкуулоо керек. Келишимди мөөнөтүнөн эрте бузуунун шарттарына көңүл буруу маанилүү. Бир караганда байкалбаган жагдайлар болушу мүмкүн эмес деп айтсак болот, депозитти ачуунун алдында акчаны жайгаштыруунун бардык шарттарын тактап алуу керек.

  • Депозиттеги  акча каражатын мөөнөтүнөн мурда ала турган болсо, анда киреше алууга мүмкүн эмес экен да?

Бул депозиттин шарттарына жараша болот. Мисалы, «Өсүп жетил»/«Расти большой» депозитинин шарттарына ылайык, депозит мөөнөтүнөн эрте алына турган болсо, анда банк сый акынын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө төлөп берет. Эгерде «Эксклюзив» депозити жөнүндө айтсак, анда минималдуу сумманы калтыруу менен, мөөнөт аралыгында депозиттен акча каражатын алып турсаңыз болот. Мында чегерилген пайыздар сакталат. Эгерде депозит боюнча келишимде мөөнөтүнөн эрте бузулган учурда пайыздар талап боюнча алынуучу депозиттин чени боюнча төлөнөт деп көрсөтүлсө, анда ошол чендин өлчөмүн тактап алуу керек. Көпчүлүк учурларда бул чен нөлгө барабар болот.

Партнерский проект банка «Бай Тушум» и ИА «24.kg»