Канткенде акчаны жоготуп алуу тобокелдигисиз кыймылсыз мүлктү коопсуз түрдө сатып же сатып алып, же башка бир ишти жүргүзүүгө болот?

10.07.2019

Ушул суроого жана ««Эскроу эсеп» деген эмне?» деген эң башкы суроого жоопту төмөндөгү макаладан билип алууга болот:   https://economist.kg/2019/07/09/kak-bezopasno-prodat-ili-kupit-nedvizhimost-bez-poteri-deneg-sovet-bankirov/?fbclid=IwAR3wiceY8WcTYF_lmhfbI3JrmN8hNZJchrmMs0oQVSsJyAsDVJLpCNFEK78

Канткенде кыймылсыз мүлктү акчаны жоготуп алуу тобокелдигисиз коопсуз түрдө сатып алып, же сатуу керек? Банкирлерден кеңеш.

Биз кыймылсыз мүлктү, же автоунааны сатып же сатып алып жатканда канчалык деңгээлде корголгонбуз? Канткенде тобокелдиксиз акча төлөөлөрдү жүргүзүп жана өзүңдү алдамчылыктан коргоп калуу керек? Бул максат үчүн дүйнөлүк практикада  «эскроу-эсеп» тейлөөсү көптөн бери эле пайдаланылып келе жатат, ал абдан популярдуу жана сатуу, сатып алуу иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылат.

. Мисалы, Араб Эмираттарында үлүштүк курулуштун катышуучулары өздөрүнүн салымдарын эскроу-эсептин жардамы менен коргошот. Оруссияда ошондой мыйзам ушул жылдын июль айынын башында күчүнө кирет. Кыргызстанда бул инструмент азырынча жаңыдан гана популярдуулукка  ээ болуп бара жатат. Ошентсе да бул операция – мүлктөрдү сатып алуу же сатуу учурундагы коргоонун маанилүү ыкмасы.

 «Колдон колго» иштери жөнүндө

Кыргызстанда батир болобу, же машина болобу, аларды сатып алууда товар үчүн накталай түрдө, колдон колго берүү жолу менен, эскиче жүргүзүлөт. Тилекке каршы, бул ыкма эки тараптын бирине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

 «Колдон колго» иштери эмнеси менен кооптуу?

  • Сиздин акчаңызды уурдатып жиберишиңиз мүмкүн, алдамчылардын колуна түшүп калуу коркунучу бар
  • Жасалма купюрлардын болуп калуу коркунучу
  • Иштин үзгүлтүккө учурашы – бул дагы тобокелдиктердин бири
  • Сатып алуучунун төлөм жөндөмдүүлүгүнө ишенбөөчүлүк

Ушул сыяктуу жана башка көптөгөн негативдүү көрүнүштөрдөн качуу максатында, мүлктөрдү сатып алуу-сатуу жана башка иштерди, мисалы ипотека үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө  эскроу-эсеби чыгарылган.

Кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу тармагындагы эксперттердин бекемдөөсү көрсөткөндөй, сатуучунун сатып алуучуга болгон ишенбөөчүлүгү жана анын төлөм жөндөмдүүлүгүн текшерүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу көпчүлүк сатып алуу-сатуу иштеринин үзгүлтүккө учурашына алып келет.

 «Бай Түшүм» банкында эскроу-эсеби кандайча иштейт?

Бул эсеп өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө  сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн толук коргоону камсыз кылат. Тактап айтканда, «Бай Түшүм» банкында ушундай эсепти ачуу менен, кыймылсыз мүлктү же автоунааны сатып алуучунун ошол эсептеги акча каражаты, коммерциялык иш толук жүргүзүлмөйүнчө жана  сатуу-сатып алуу документтери каттоодон өтмөйүнчө убактылуу блокко коюлат.

Иш толук жүргүзүлгөндөн кийин гана, бардык зарыл болгон кагаздар каттоодон өткөндөн кийин жана банкка тастыктоо катары берилгенден кийин – акча каражатына ээлик кылуу жана ага тескөө жүргүзүү укугу сатуучуга өтөт.

 Эскроу-эсептин масштабдары кандай?

Жообу — чексиз. Ушул эсепте сакталган сумма, эски запорожецтин баасына да жана чоң бизнестин баасына да барабар болушу мүмкүн. Эч кандай чектөө болбойт.

Бардык тарап, жеке же юридикалык тарап, мисалы үчүн, иштеп жаткан ишканалардын цехтерин, дүкөндөрдү, автоунааларды жана башка коммерциялык кыймылсыз мүлктөрдүн обьектилерин  сатуу учурунда эскроу-эсепти пайдаланышса болот.

Кээ бир учурларда тараптар ошондой иштерди жүргүзүү үчүн банктык ячейкаларды пайдаланышат. Мындай жабдуулар чет өлкөлөрдө абдан кеңири колдонулат: турак жай кыймылсыз мүлкүн сатуу-сатып алуудан баштап, кайсы бир ишканалардын биригүүлөрүнө же жоюулууларына чейинки, баалуу кагаздар менен иш жүргүзүүдөн, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн продуктуларын сатып өткөрүүгө чейин колдонулат.

 Эскроу-эсептин иштөө схемасы

Сатып алуучу жана сатуучу эскроу-эсебин ачуу үчүн «Бай Түшүм» банкына келишет. Үч тараптуу келишим түзүлүп, сатып алуучу иш жүргүзүүнүн макулдашылган суммасын накталай түрдө же өзүнүн эсебинен которуу жолу менен салат. Мындан кийин банк иш аткарылып бүткөнгө жана бардык зарыл болгон документтерге кол тамгалар коюлганга чейин акча каражатын блокко койот жана сатып алуучуга  эскроу-эсебинде турган акча каражатынын суммасы жөнүндө маалым кат берет.

Мындан кийин тараптар ыйгарым укуктуу мекемелерде – Мамкаттоо кызматында же нотариуста коммерциялык ишти каттоодон өткөрүүгө даяр болушат. Андан ары банкка сатып алуучунун пайдасына каттоо жүргүзүлгөн фактысын тастыктаган документтер берилет. Ушул учурдан баштап сатуучу эскроу-эсебинин жалгыз ээси болуу укугун алат жана ошол эсепте турган акча каражатына тескөөлөрдү жүргүзө алат.

 Бул, баликим, кымбат болсо керек?

«Бай Түшүм» банкында эскроу-эсебин эки валюта менен: сом жана АКШ доллары менен ачууга болот. Мүмкүн болуучу ар кандай тобокелдиктерден коргоо канча турат? Арзан – комиссия иштин жалпы суммасынын болгону 0.15% түзөт жана 5000 сомдон жогору болбойт. Буга кошумча банк сиз үчүн акчаны кайрадан санап чыгып, купюрлардын чыныгылыгын текшерип жана эски купюрларды иргеп да чыгат.

Көңүл буруңуз, эскроу-эсеби депозит эсеби менен эч кандай байланышы жок жана ал акча каражатын чогултуу үчүн эмес, ал тараптардын иш жүргүзүүсүндө өз ара макулдашылган бардык милдеттенмелерин толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн ачылат.