«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы ЖАКы Ош шаарындагы “Бардыгы үй үчүн” жарманкесине катышты

21.11.2012

2012-жылдын 15инен 18-ноябрына чейин «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы, Оштогу Султан Ибраимов атындагы улуттук драм театрында болуп өткөн «Бардыгы үй үчүн» аттуу жарманкеге катышты. Жарманкенин уюштуруучусу болуп, Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Кыргызстан агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясы болду. Ош шаарындагы орто жана чакан бизнестердин өкүлдөрүн бириктирүү, ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү жарманкенин максаты болду.

Иш-чарада 25 компания жана ар түрдүү тамак-аш сектору менен жеңил өндүрүштүн жеке ишкерлери-өкүлдөрү, ошондой эле эл керектеген товарларды өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты. Жарманкеде тиричилик техникасынын, килем жасалгаларынын жана кийизден жасалган азем белектердин, өсүмдүк уруктары менен жер семирткичтердин, консерваланган өнүмдөр менен айыл-чарба өндүрүүчүлөрү үчүн керектүү башка товарлардын ар түрдүү ассортименти көргөзмөгө коюлган.

Көргөзмөгө катышуунун алкагында Банк кызматкерлери жарманке катышуучуларына насыя берүүнүн шарттары, анын ичинде ипотека алуу, айыл-чарба жабдууларын лизингге алуу, агродолбоорлорду насыялоо, ошондой эле депозит салуу боюнча кеңеш берүү жардамын көрсөтүп жатышты.

Айыл жергесинде жашаган «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын кардарлары үчүн, микро насыялар – бул бир гана өзүңдүн бизнесиңди өнүктүрүү эмес, ошондой эле жашоо деңгээлин жана сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү. Өзгөчө аймактарда, орто чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында «Бай-Түшүм жана Партнерлор» ЖАКы, жеке ишкерлер менен фермерлердин бизнестерин колдоого жана өнүктүрүүгө каржылоо берүү менен Кыргызстан агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясы менен көп жылдардан бери кызматташып келет.

Сурап билүү маалыматы: Кыргызстан агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясы – бул 2002-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес уюм, ал Кыргыз Республикасындагы өндүрүүчүлөрдүн, айыл-чарбасы үчүн өндүрүш каражаттарын жабдып туруучулардын жана ишке ашыруучулардын иштерин бириктирет, тартуулайт жана айкалыштырат. Ассоциация өзүнүн 10 жылдык мааракесин ушул жылы белгиледи.