Эмгек акы карталары боюнча пайыздарды эсептөө шарттарынын өзгөрүшү

23.06.2026

Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 6-июлунан тартып «Бай-Түшүм» ААКнын эмгек акы карталары боюнча тарифтерге өзгөртүүлөр күчүнө кирерин маалымдайбыз.

Көрсөтүлгөн күндөн тартып эмгек акы карталарындагы акча каражаттарынын калдыгына пайыздар төмөнкү шарттарда эсептелет:

  • жылдык пайыздык чен – 3%;
  • пайыздар эсепте кеминде 10 000 сом калдыгы болгон учурда эсептелет.

Кошумча суроолор жаралса, Банктын каалаган филиалына кайрылсаңыз же Байланыш борборуна байланышсаңыз болот.

Бизге көрсөткөн ишенимиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.