BaiPay карталарынын ээлери үчүн акциянын шарттары өзгөрдү
21.08.2026
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кытайда жана популярдуу кытай маркетплейстеринде сатып алууларды түздөн-түз төлөгөндө берилүүчү кешбэктин өлчөмү 5%ды түзөт.
BaiPay — бул Кытайда ыңгайлуу эсептешүү, онлайн-шопинг жана саякаттоо үчүн иштелип чыккан, UnionPay төлөм системасындагы кытай юанындагы заманбап карта. Карта валютаны кош конвертациялоосуз товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берип, сатып алууларды дагы да пайдалуу жана ыңгайлуу кылат.
BaiPay картасынын артыкчылыктары:
- эсеп кытай юанында ачылат жана кошумча конвертация жүргүзүлбөйт;
- кытай маркетплейстеринен сатып алууда 3%га чейин үнөмдөө;
- Pinduoduo, JD.com жана башка кытай онлайн аянтчаларында ыңгайлуу төлөм жүргүзүү;
- Кытайдын бардык аймагында карталарды кабыл алуунун кеңири тармагы;
- саякат, бизнес жана онлайн-сатып алуулар үчүн ыңгайлуу.
2026-жылдын 31-августуна чейин акциянын катышуучулары карта аркылуу түздөн-түз төлөмдөр үчүн 10% кешбэк ала алышат. Ал эми 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып кешбэктин өлчөмү 5%ды түзөт.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып бир календардык ай ичинде бир картага эсептелүүчү кешбэктин максималдуу суммасы 200 юанды түзөт. Кешбэк картага 15 календардык күндүн ичинде чегерилет.
BaiPay картасын Банктын каалаган бөлүмүнөн тариздөөгө, Банктын сайтынан буюртма берүүгө же BTB мобилдик тиркемесинен түздөн-түз виртуалдык картаны ачууга болот.
📅 Акция 2026-жылдын 22-ноябрына чейин (кошуп алганда) күчүндө болот.
Банк акциянын шарттарына бир тараптуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, анын өткөрүлүшүн токтотууга же мөөнөтүнөн мурда аяктоого укуктуу.

