«Аламедин Гранд» соода борборундагы сактык кассасынын иш тартиби

02.10.2026

Урматтуу кардарлар!

Сиздерге 2026-жылдын 3 жана 5-октябрында «Аламедин Гранд» соода борборунда жайгашкан №050-01-37 сактык кассасы иштебей турганын маалымдайбыз.

Иш тартибине киргизилген убактылуу өзгөртүү «Аламедин Гранд» соода борборунун санитардык күн өткөрүүгө жана электр менен камсыздоо системасында пландуу оңдоо-техникалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу жабылышына байланыштуу.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге «Бай-Түшүм» Банкынын башка бөлүмдөрүнүн кызматтарынан пайдаланууну сунуштайбыз.