«Бай-Түшүм» банкынын «Банкир мектеби-2023» жыйынтыгы чыгарылды.

19.04.2023

Бишкектеги Банкир мектебинин 27 бүтүрүүчү өз сертификаттарын алышты.

«Бай Түшүм» Банкынын ар кандай багыттагы адистеринен 2 жумалык практикалык иштер жана 2 жумалык интенсивдүү тренингдер артта калды. Насаатчылар банк ишмердүүлүгүнө аралашып, келечектеги адистердин компетенцияларын өстүрүү боюнча тренингдерди өткөрүштү. Биз Эмгек кодексине, атайын банктык программалык камсыздоого, насыя берүүнүн негиздери, кардарлар менен иштөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларына көңүл бурдук. Эми бүтүрүүчүлөр биздин банкта стажировкадан өтүү учурунда алган жаңы билимдерин бекемдеши керек.

Бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, максаттарына жетүүлөрүн жана тандалган тармакта өзүн көрсөтүүгө кайраттуулук каалайбыз!

#btb #bankbaitushum