«Бай Түшүм» Банкы Интернет-банкинг аркылуу тез төлөм кызматын ишке киргизди

18.11.2013

«Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкы өз кардарларына Интернет-бакинг аркылуу «Тез төлөм» жаңы кызматын ишке бергендиги жөнүндө кубануу менен кабарлайт. Бул кызмат ар кандай мекемелердин пайдасына эсеп счетунан накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө, уюлдук телефонго саналуу мүнөттө бирдик жүктөөгө, коммуналдык жана интернет-провайдерлердин, телекөрсөтүүлөрдүн жана башка көптөгөн тейлөөлөрдүн акысын төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул үчүн Интернет-банкинг тармагына кошулуп, өзүңүздүн сомдук эсебиңизди көрсөтүү жетиштүү. Тейлөөнү тандап алыңыз да, акысын төлөп коюңуз. Интернет-банкингге кошулуу жана «Тез төлөм» кызматы акысыз болуп саналат жана төлөмдөрдү on-line режиминде жүргүзүү төлөм ишин бир кыйла ыңгайлуу кылып, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет жана сутка бою жеткиликтүү.

Интернет-банкинг кызматынын негизги артыкчылыктары: убакытты үнөмдөө, кызматка кошулуунун жөнөкөйлүгү, пайдалануунун жеңилдиги жана Банктын иштөө тартибине карабастан , акча каражатын башкаруунун жогорку ылдамдыгы жана коопсуздугу болуп саналат.

Интернет-банкингге кошулуу кардарды аутентифициялоого мүмкүнчүлүк берген жана санкцияланбаган кармап калуулар же бурмалоолор үчүн маалымат алмашууну толук түрдө жете алгыс кылган SSL технологиясы боюнча ишке ашырылат.