«Бай Түшүм» Банкы Кыргыз Республикасында насыялоого жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө

07.04.2014

Бүткүл дүйнөлүк Банктын тобуна кирген IFC чакан жана орто бизнесте каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берүү үчүн «Бай Түшүм» Банкына 4 миллион АКШ доллары көлөмүндө улуттук валютадагы займ бөлүп берүүдө, ал мунун негизинде жаңы жумушчу орундарды түзүүгө жана экономикалык жактан жапырт өнүгүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Консультациялык жардамдар менен бирге жүргүзүлүүчү IFC тарабынан каржылоо ички дүң жыйымдын 40% жана өлкөбүздөгү 60% жумушчу орундарды камсыз кылып турган чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейтүү боюнча «Бай Түшүм» Банкынын стратегиясын колдойт.

Бул өз кезегинде Банкка экономикалык жана географиялык жактан алыскы аймактарда жайгашкан ишкерлерге, ошондой эле аялдар арасындагы ишкерлерге өнүгүү жана жумушчу орундарды түзүү үчүн жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«IFCнын колдоо көрсөтүүсү биз үчүн чакан жана орто бизнести насыялоо сегменттиндеги операцияларды кеңейтүү багытындагы Банктын стратегиясын өнүктүрүүдө маанилүү колдоо болуп эсептелет. IFC тараптан каржылоо өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги сегменти болгон чакан жана орто бизнести насыялоону кеңейтүүгө жардам берет жана анын өнүгүүсүнө, жаңы жумушчу орундардын түзүлүүсүнө шарт түзмөкчү. -деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча директор, финансылык институттар боюнча IFC Группасы Эдвард Строудэрман: « «Бай Түшүм» Банкы менен түзүлгөн бул макулдашуу ишкерчиликти колдоо жана өлкөдө чакан жана орто бизнестин санын көбөйтүү боюнча IFCнын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат, Чакан жана орто бизнес (МСБ)-банкингин IFCнын каржылоосу жана экспертизасы «Бай Түшүм» Банкына чакан жана орто бизнести насыялоо боюнча туруктуу жана кирешелүү багытты жөнгө салууга, банк продуктуларынын тизмесин кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүүгө жардам берет»- деп белгиледи.

IFC жана «Бай Тушум» Банкы ошондой эле валюталык тобокелдиктерди башкаруу жана жергиликтүү валюта менен насыялоого колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууларга кол коюшту.

«Бай-Тушум», Банкы IFCнын узак мөөнөттүү инвестициялык жана консультативдик кардары, микрофинансы уюмдарынын арасынан эң алгачкы болуп банктык лицензияны 2012-жылдын ноябрь айында алган. IFCнын консультативдик колдоосунун алкагында «Бай-Тушум» Банкына микрофинансылык уюмдан банк катары трансформациялануусуна жардам көрсөткөн.

 IFC жөнүндө:

Бул финансылык уюм 13 жылдын аралыгында жалпы активи 132 миллион АКШ долларын түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири финансылык уюмдардын бири болду. Бүгүнкү күндө «Бай Түшүм» Банкы 32 миңден ашуун кардарларды тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы эң ири банктардын жетилигине кирет. «Бай Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармактарга ээ, ишкерлерге жана жеке адамдарга бүткүл өлкө боюнча финансылык тейлөөлөрдүн бардык түрүн сунуш кыла алат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактардагы калкы үчүн финансылык тейлөөлөрдүн кеңейишине шарт түзүүдө.

 «Бай Түшүм» Банкы жөнүндө:

 «Бай Түшүм» Банкы өз ишмердүүлүгүндө банктык иштин эл аралык эң мыкты үлгүлөрүн колдонот, бул аркылуу финансы секторунда айкындуулукту жана банктык тармакка болгон ишенимдин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Бүгүнкү күндө Банктын аймактык тармагы 7 филиалдан,46 сактык кассадан жана 10 өкүлчүлүктүү офистерден турат. Кошумча маалымат алуу үчүн www.baitushum.kg.дарегине кайрылсаңыздар болот.

 Дайыма байланышта болуңуздар!

www.facebook.com/IFCwbg

www.twitter.com/IFC_org

www.ifc.org/LinkedIn

www.youtube.com/IFCvideocasts

www.ifc.org/SocialMediaIndex