IFC «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы ЖАКга корпоративдик башкарууну жакшыртууга жардам берет

19.01.2013

Дүйнөлүк Банктын тобуна кирген IFC, Банктын башкармалыгынын, Директорлор Кеңешинин жана акционерлеринин ортосунда коммуникацияларды жакшыртууга көмөктөшүүгө чакырылган, корпоративдик катчынын иш-аракеттерин уюштурууну жетилтүү максатында, Кыргыз Республикасындагы биринчи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы менен кызматташат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы, корпоративдик катчы – Банктын Директорлор Кеңешинин жана менеджментинин, ошондой эле банктын жана акционерлердин конструктивдүү диалогун камсыз кыла турган, өзөктүү позициясы үчүн IFC менен окутуу программасы боюнча кызматташуунун чегинде, Кыргыз Республикасындагы биринчи уюму болуп калды. IFC тренингдик программасы, эң жакшы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен корпоративдик катчынын кызмат ордун киргизүү маселелерин, алардын функционалдык милдеттемесин аткарууну камтыйт.

«Өзүбүздүн иш-аракеттерде биз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана банктык тармакта эл аралык эң жакшы тажрыйбаларга шайкеш келүү үчүн корпоративдик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз» – деп белгилейт Гульнара Шамшиева, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын Башкы менеджери.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы IFCнын инвестициялык жана консультативдик кардары, Микрофинансылык уюмдарды колдоо боюнча IFC Долбоордун чегинде, МФОнун арасынан эң биринчи болуп, 2012-жылдын 14-ноябрында банктык лицензия алды, ички потенциалды бекемдөөгө көмөк көрсөтүү менен Банкка өтүү (трансформация) процессинде «Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкына жардам берди.

“Тийиштүү, өзгөчө корпоративдик катчынын функцияларына тийиштүү ички тажрыйбаларды жана жол-жоболорду түзүү, жаңы микрофинансы банкы үчүн абдан маанилүү», – деп айтты Сергей Трипутень, IFC Долбоорунун жетекчиси. «Корпоративдик катчынын күчтүү позициясы корпоративдик башкаруунун жакшы тажрыйбасына жана банктын андан ары өнүгүшүнө көмөктөшөт».

Бул демилге – Улуубританиянын (DFID) эл аралык өнүгүшү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө иштетиле турган Борбордук Азиядагы корпоративдик башкаруу боюнча IFC Долбоорунун бөлүгү. Долбоор, алардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында корпоративдик башкаруунун тажрыйбасын жетилтүүдө жергиликтүү компанияларга жана банктарга жардам көрсөтөт.

IFC жөнүндө

IFC Дүйнөлүк Банктын тобуна кирет жана өнүгүүнүн эң ири глобалдуу институту болуп саналат. IFC иш-аракеттери, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жеке секторду колдоого жана эл аралык рыноктордо инвестицияларды каржылоо, капиталды мобилизациялоо жана компанияларга өкмөттөргө консультативдик кызматтарды көрсөтүү жолу менен туруктуу өсүштү камсыз кылуу менен өнүгүп жаткан өлкөлөргө көмөктөшүүгө багытталган. 2012-жылы IFC, аны менен ал жеке компанияларга жумуш орундарын түзүүгө, инновацияларды стимулдаштырууга жана өнүгүүнүн абдан курч көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү менен рекорддук 20 миллиард долларында инвестициялады. Кошумча маалыматтар www.ifc.org сайтында берилген.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы ЖАК жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор», ACDI/VOCA америкалык эл аралык өнүктүрүү уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улутук банкынын 2012-жылдын 14-ноябрында толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы эң биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы бирден бир ири микрофинансылык интситуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы, 30 миңден ашык кардарларды тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.

Кошумча маалыматтар www.baitushum.kg сайтында берилген.

DFID жөнүндө маалымат: www.dfid.gov.uk.

Байланышта болуңуз

www.facebook.com/IFCwbg

www.twitter.com/IFC_org

www.ifc.org/LinkedIn

www.youtube.com/IFCvideocasts

www.ifc.org/SocialMediaIndex