«Бай Түшүм» Банкы менен Германия Өнүгүү Банкы (KfW) жана КРдин Финансы Министрлиги биргелешип «Жаркын жашоо» аталышындагы жаңы турак-жай продуктту ишке киргизип жатышат

19.07.2013

2013-жылдын 1-июлунда «Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкы жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги Германия Өнүгүү Банкынын (KfW) жана Кыргыз Республикасынын кызматташуу программасынын чегинде макулдашууга кол коюшту.

«Турак-жайды каржылоо программаларынын» негизги максаты, айыл жергесинде жашаган, кирешелеринин деңгээли орто жана төмөн үй-бүлөлөр үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу жана кайрадан куруу же оңдоо боюнча жеңилдетилген каржылоого жетүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

«Турак-үйгө жетүү көйгөйү чечилбеген бойдон калып келет, аймактарда турак-жай фондунун эскиргендиги боюнча көйгөйлөр өсүүдө, – деп белгиледи «Бай Түшүм жана Партнерлор» МФ Банкынын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева. – Өздөрүнүн турак-жайларын жакшыртуу үчүн элдерге тоскоолдук жараткан негизги бөгөт, бул кыймылсыз мүлккө баалардын жогору болушу жана элдин кирешелеринин төмөндүгү болуп саналат. Биздин Банктын максаты – кирешелеринин деңгээли орто жана төмөн элдер үчүн турак-жайды каржылоого жетүүгө мүмкүндүк берүү, ал эми Германия Өнүгүү Банкынын (KfW) консультанттары менен биргелешип Банк тарабынан атайы иштелип чыккан «Жаркын жашоо» жеңилдетилген насыясы биздин кардарлдарга кыймылсыз мүлк сатып алууга, жаңы үй курууга же жөн гана үйүн жакшылап оңдоп алууга жардам берет».

«Германия Өкмөтүнүн атынан Германия Өнүгүү Банкы (KfW) тарабынан берилип жаткан каржылоонун аркасында өлкөнүн жашоочулары өздөрүнүн турак-жайларынын шарттарын жакшырта алышат, жана бул каражаттар талап кылынды жана маанилүү максаттар үчүн бөлүндү»,- деп айтты Борбордук Азия боюнча KfW Аймактык кеңсесинин Директору, Стефан Лутц мырза.

«Жаркын жашоо» насыялык программасынын чегинде, Банк кардарларга, насыянын негизги суммасын азайтуу менен мөөнөттүү депозиттерге биринчилик (баштапкы) акча каражат салып акча топтоо, жана анын аркасында, төлөнө турган пайыздардан үнөмдөй ала турган мүмкүнчүлүгүн да берет. Ошондой эле, кардарларга кайтаруусуз техникалык жардам жана өздөрүнүн күчтөрү менен үйдүн дубалдарын жылуулоо жана пластикалык терезелерди орнотуу мүмкүнчүлүгү карала турган, “Өз колуң менен жагымдуу үй” аттуу акысыз окутуу видео материалдарын берүү түрүндө консультациялык колдоо көрсөтүлө тургандыгын да белгилеп айта кетсек болот.

Германия Өнүгүү Банкы тууралуу

Германия Өнүгүү Банкы (KfW) өз ишин Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү (BMZ) боюнча Федералдык министрлигинин атынан жүргүзөт. KfW, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана өтмө экономикалары менен болгон мамлекеттерди инвестициялоо жана консультациялык кызматтар тармагында каржылоо көрсөтөт. KfW долбоорлорун иштетүү процессинде техникалык кызматташуу уюмдары менен тыкыз иштейт. Өнүгүү тармагындагы иш-аракеттердин натыйжасында өнөктөш-өлкө тарабынан алына турган пайдаларды көбөйтүү, ошондой эле каражаттарды натыйжалуураак колдонуу максатында, KfW Өнүгүү Банкы өзүнүн жардамын төрт негизги багыттарга басым жасады, аларда ал – экономикалык инфраструктура, социалдык инфраструктура, натыйжалуу финансылык системалар жана айыл чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо сыяктуу көп жылдык тажрыйбаларга жана атайы билимдерге ээ. Кыргызстанда KfW Өнүгүү Банкы өз ишин 1993-жылы жүргүзүп баштаган.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен болгон Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык институттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.