Комиссия төлөгүңүз келбейби?

20.07.2023

Анда Beeline терминалдары же @balance_kg электрондук капчыктары аркылуу өз эсебиңизди толуктап же Бай Түшүм Банкынын насыяларын төлөңүз, ошондо бул операциялардын комиссиясы 0% түзөт.

✅Капчык аркылуу картаны кантип толуктаса же насыяны төлөсө болот:
🔹”balance.kg” тиркемесинен, “Финансы” бөлүмүн ачыңыз.
🔹Карталарды толуктоо же насыяларды төлөөнү тандаңыз, андан кийин тизмеден “Бай Түшүм” Банкын тандаңыз.
🔹Эсептин номерин, сумманы белгилеңиз жана телефондогу балансыңыздан, капчыгыңыздан же картаңыздан керектүү сумманы төлөңүз.
🔹Төлөм дүмүрчөгүн галереяга сактап же мессенжер аркылуу оңой эле жөнөтсө болот.

✅Beeline төлөм терминалдары аркылуу картаны кантип толуктоо же насыяны төлөө керек:

🔹”Финансылык кызматтар” бөлүмүн, андан кийин “Банктык кызматтар” жана “Банк Бай Түшүм” бөлүмдөрүн ачыңыз.
🔹”Картаны толуктоо” же “Насыяны төлөөнү” тандаңыз.
🔹Эсептин номерин көрсөтүп, акча кабыл алуучуга керектүү сумманы киргизип, төлөңүз.
🔹Төлөм дүмүрчөгүн алыңыз