Бүткүл дүйнөлүк 5- акча жумалыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын номинациясы финалга чыкты

20.01.2017

Global Мoney Week-Kyrgyzstan- 2016 Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 50 мамлекетинин ичинен Country Award категориясы боюнча Армения жана Бельгия менен катарлаш Кыргыз Республикасынын номинациясы да жыйынтыгында финалга чыкты. Финансылык билим берүү тармагындагы жакшыртуулар үчүн  “Child and Youth Finance International” эл аралык коомчулугу тарабынан негизделген сыйлык «Global Inclusion Awards 2016» сыйлык тапшыруу аземинде алынган.

«Бай Түшүм» Банкы 2016-жылы «Global Мoney Week-Kyrgyzstan- 2016»  Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын уюштуруучусу жана  активдүү катышуучусу болгондугун эсиңиздерге салабыз. Бул мезгил аралыгында «Бай Түшүм» Банкынын кызматкерлери  бүткүл республикабыз боюнча башталгыч жана жогорку класстардын окуучулары үчүн күн сайын тренингдерди өткөрүп турушту. Бишкек, Талас шаарларынын жана Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы 40 мектеп жана 3000ден ашуун балдар интерактивдүү окууларга тартылышты.

Мындан башка да, «Бай Түшүм» Банкы ушул кампаниянын алкагында бүткүл республикабыз боюнча жайгашкан банктын офистеринде Сактоолук күндөрүн өткөрүштү. Офиске келген ар бир адам финансылык пландаштыруу, үй-бүлөлүк бюджетти жүргүзүү, акча топтоо темалары боюнча кеп-кеңештерди угуп жана жагымдуу белектерди алышты. Бардыгы болуп 2500 адам кеп-кеңеш угушту. Офиске келишкен кичинекей балдар үчүн 9-марттан 18-мартка чейин «Балдар сүрөтү» конкурсу өткөрүлдү.

Демилгечи топ шейшемби күнү Кыргыз Республикасынын 6-Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына катыша тургандыгын  жарыялады жана “Child and Youth Finance International” эл аралык коомчулугу тарабынан 2017-жылга жарыяланган «Окугула. Акча топтогула.  Иштеп тапкыла»  тематикасынын алкагындагы иш-чараларга даярдануу боюнча ишин баштады.

IMG_0050