«Бай Түшүм» Банкы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте Бишкектин турак жай массивдериндеги жана жаңы конуштарындагы үй чарбаларын газдаштыруу боюнча долбоорду ишке берди

07.12.2016

«Бай Түшүм» Банкы жана «Газпром Кыргызстан» 2015-2017 жылдар аралыгындагы инвестициялык программанын алкагында Бишкек шаарынын турак жай массивдериндеги жана жаңы конуштарындагы үй чарбаларын газдаштыруу үчүн насыяларды берүү боюнча атайын долбоорду ишке берди. 2017-жылдын аягына чейин  Бишкек шаарынын 22 жаңы конушун жана Мыкан айылын  газдаштыруу боюнча инвестициялык программасына киргизүү мерчемделүүдө. Көчөлөр боюнча бөлүштүрүүчү газ өткөргүчтөрүнүн курулушун жүргүзүү жана газ эсептегичтерин орнотуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан каржылана тургандыгын, көчөдөн турак үйгө чейинки трубаларды коюуну, газ котелдорун орнотууну жана аны монтаждоо боюнча чыгымдарды калк өзү төлөөгө тийиш экендиктерин белгилей кетүү керек.  Буга керектелүүчү акча каражатын «Бай Түшүм» банкынан насыяга алууга болот.

«Бай Түшүм» банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева: «Ушул долбоордун алкагында биз каржылоонун жөнөкөйлөтүлгөн схемасын алдык. Жаңы конуштардын жашоочулары насыя алууда кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюшпайт жана документтердин  да минималдуу пакети каралган: насыя алуучунун паспорту, алынып жаткан газ жабдууларынын документтери, кирешеси жөнүндөгү маалым кат жана газ жабдууларын орнотуу боюнча түзүлгөн сметасы жетиштүү»,- деп белгиледи.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин айтуусу боюнча,  газдаштыруу боюнча Бирдиктүү терезенин ишке берилиши жана биргелешкен насыялык продуктунун иштелип чыгышы компаниянын калкты тейлөө деңгээлин жогорулатууга  багытталган  биринчи кезектеги долбоорлорунун бири болууда.

Долбоор эскиздик чийип-сызуулардан баштап, турак үйлөрдү газ менен камсыздоо тармагына туташтырууга чейинки газдаштыруунун бардык этаптарын өз ичине камтыйт.

газификация