Аманаттардын кенемтеси 1 млн. сомго чейин жогорулады

12.06.2023

Сиз «Бай Түшүм» банкынан аманат ачтыңызбы?

Анда сиз өзүңүздүн аманатыңыздын коопсуздугу жөнүндө тынчсызданбасаңыз болот. 2012-жылы «Бай-Түшүм Банкы» ААК Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасына катышкан банктардын реестрине киргизилген.

Ал эми бул аманатчылардын бардык аманаттары камсыздандырылды дегенди билдирет жана мыйзамга ылайык аманатчыларга компенсациянын өлчөмү көбөйтүлүп, эми 1 миллион сом деңгээлинде белгиленген.

Коргоо системасы аманатчылардын кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын банк тутумуна болгон ишенимди бекемдөө максатында иштелип чыккан!

✅Мындан тышкары, «Бай Түшүм» Банкы аманаттар боюнча пайыздык ченди 14,5%га чейин жогорулатты, бул биздин аманатчылар үчүн кызматты дагы да пайдалуу кылат.

#btb #bankbaitushum