«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Борбордук азиядагы МФУнун ичинен толук банк лицензиясын биринчи болуп алды

27.11.2012

2012-жылдын 14-ноябрында  «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан толук банк лицензиясын алган Борбордук Азиядагы биринчи Микрофинансы уюму болду.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы кеңири филиалдык  тармакка ээ болуу менен ал Кыргыз Республикасынын калкына каржы кызматын тереңдетүүгө өбөлгө түзүү менен бүтүндөй өлкө боюнча ишкерлерге каржы кызматынын толук тармагын тартуулайт.

Аймакта биринчи Микрофинансы банк катары  «Бай-Түшүм жана Партнерлор», банк системасына ишеним деңгээли менен каржы секторунун тазалыгын көтөрүүгө өбөлгө түзүү менен өзүнүн ишмердүүлүгүнө банк ишинин эң мыкты эл аралык практикаларын киргизүүнү пландоодо.

Банк, айыл жергесиндеги ишкерлер менен фермерлерге колдоо көрсөтүп, аны менен  жумушчу орундарды пайда кылуу менен өзүнүн социалдык миссиясын активдүү ишке ашырууну улантат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева белгиледи: «Бай-Түшүм жана Партнерлор» 2005-жылы микрофинансы компаниясынын Мирофинансы банкына кайра түзүлүүсү боюнча стратегиялык максатын аныктады.  Бул максат эл аралык акционерлердин жана жактоочулардын колдоосу менен: «Бай Түшүм» Микро насыя агенттиги (ACDI/VOCA негизделген негизги акционер), Triple Jump (ASN-NOVIB Microfinance Fund), Bamboo Finance жана responsAbility (Global Microfinance Fund), ошондой эле биздин жамааттын берилип, талбай иштөөсү менен ийгиликке жетти. Биздин акционерлер Банктын уставдык капиталын кеңейтүүдө жана банк иши менен социалдык каржылоо чөйрөсүндө жогорку квалификацияланган эл аралык эксперттердин тажрыйбаларын алууда маанилүү ролду ойноду. Күчтүү жана каржы жагынан туруктуу институттардын өнүгүүсүнө мүмкүндүк берүү менен өлкөнүн банк базарында туура атаандаштыкты жаратуу үчүн олуттуу жардам көрсөткөн Кыргыз республикасынын Улуттук Банкынын тарабынан көрсөтүлгөн колдоону өзгөчө белгилегим келет».

 «Бай-Түшүм жана Партнерлор»  2000-жылы АКШнын Айыл-чарба департаментинин, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) жана CARITAS  Колдоо жана кызматташуу боюнча Швейцария агенттигинин колдоосу менен өнүктүрүүнүн америкалык эл аралык уюму ACDI/VOCA менен түзүлгөн. Иштеген 12 жыл ичинде уюм 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндө жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы ири микрофинансы институттарынын бири болду. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы бүгүнкү күндө 30 миңден ашык кардарды тейлеген Кыргыз Республикасындагы эң ири банктардын жетилигине кирет.