«Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн биздин банкка ыраазычылык катын тапшырды

14.10.2018

Республикабыздын алыскы райондорунун балдары үчүн ак тилектүү «Жайкы бакчалар» демилгесин «Бай Түшүм» 5 жылдан бери колдоп келе жатат.

Быйылкы жылы биз бул бакчаларга зарыл керектүү болгон канцелярдык товарларды, өстүрүүчү оюндар үчүн оюнчуктарды жана куралдарды  алууну каржыладык, ошондой эле жайлоолордогу  өнүктүрүүнүн 7 борборун:  Баткен облусундагы «Ак-Шумкар», Талас облусундагы «Бөбөктай», Нарын облусундагы «Айзирек» жана «Бирлик-Таазим», Жалал-Абад облусундагы «Баластан» жана Ош облусундагы «Кара Булак»  балдардын жайкы бакчаларына спорттук жабдыктарды алууга колдоо көрсөттүк. Ата-энелери менен   жайлоолордо жашашкан мектепке чейинки курактагы 170 бала ушул жайда жумасына 5 жолу  бакчага барууга жана мектепке барууга жакшы даярдыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.