“Бай Түшүм” Банкы «Фермер-Фермерге» уникалдуу программасын ишке ашырды

01.06.2014

«Бай Түшүм» Банкы ACDI/VOCA менен биргеликте айыл чарба тармагында эмгектенишкен кардарлар үчүн техникалык колдоо көрсөтүү боюнча АКШлык иштеп жатышкан фермерлерди тартуу жолу менен «Фермер-Фермерге» программасын ишке ашырды.

«Бай Түшүм» Банкы өз кардарларына агро-бизнесин өнүктүрүү үчүн акча каражатын гана сунуш кылбастан, “Фермер-Фермерге” программасынын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын айыл чарбасы боюнча адистеринен акысыз кеп-кеңеш жана техникалык жардамдарын да сунуш кылат.

–Биздин кардарларыбыз үчүн өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү сатып өткөрүүнү жана инновациялык технологияларды ишке киргизүүнү жакшыртуу боюнча Батыш фермерлери менен тажрыйба алмашуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Бул болсо өз кезегинде кыргызстандык өсүмдүк жана бакча өстүрүүчүлөрдүн, мал чарбачылыгынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Алардын ички жана тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейет,- деп белгиледи “Бай Түшүм” банкынын башкы менеджери Гулнара Шамшиева.

Бул программага “Бай Түшүм” Банкынын кардарлары гана эмес, программага кызыккан бардык фермерлер катышса болот. Сиз өзүңүз жашаган шаардагы/айылдагы “Бай Түшүм” Банкынын офисине кайрылсаңыз болот, же (312) 905 805 – телефону боюнча Call центрге телефон чалыңыз. Банктын адистери программанын шарттары жана агронасыяны алуунун тартиби жөнүндө Сизге кеңири түшүндүрмө беришет.

“Фермер-Фермерге” программасына катышуу үчүн заявка