Факторинг – сиздин бизнесиңиз үчүн алмаштырылгыс банк инструменти!

03.10.2022

Бул кызмат аркылуу сиз сатылган товардын акчасын кардар кийин төлөсө да дароо ала аласыз. Сатып алуучу товарга ээ болгон учурда товар наркынын 70% сиздин эсебиңизге түшөт.

?Факторингдин артыкчылыктары:

• сиз кардарга товарды сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайсыз
• сизде кассалык ажырым болбойт, кирешени өз убагында аласыз
• сатуунун көлөмү өсөт
• сиз келишимге кол койгондон соң, дароо каржылоого ээ болосуз
• документтердин минималдуу пакети керек
• күрөө жок

Сиз сайтыбыздан толук маалыматты таба аласыз. Ошондой эле бул кызматтын сизге туура келээрин түшүнүүгө жардам берүүчү тесттен өтсөңүз болот.

«Бай Түшүм» менен сиздин сатууңуз ар дайым өсөт!

#btb #bankbaitushum