Компания «Жибек жолу 2012-ж.» Сегизинчи Агро Экспо Эл аралык жарманкелик-көргөзмөгө катышып келди

07.03.2012

Компания, иш чаралардын демөөрчүлөрүнүн бири болуп чыгуу менен 2012-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин  «Жибек жолу 2012-ж.» Сегизинчи Агро Экспо Эл аралык жарманкелик-көргөзмөгө катышып келди. Жарманкелик-көргөзмө адаттагыдай эле Ош шаарында Кыргызстандын «Жер азыгы» Агробизнесмендеринин Ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Бул иш чарага Кыргызстандан, Голландиядан, АКШдан, Индиядан жана башка өлкөлөрдөн ар кандай айыл чарбалык жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн ар кандай секторлорунун 40 ашык компаниялары жана жеке ишкерлердин өкүлдөрү катышышты. Жарманкеде айыл чарбалык жабдуулардын уруктардын, жер семирткичтердин, өсүмдүктөрдүн химиялык каражаттар менен коргоо жана айыл чарбалык өндүрүүчүлөр үчүн башка керектүү товарлардын ар кандай ассортименти көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө катышуунун чегинде Компания эл үчүн «Агродолбоорлорду колдоо. Лизинг» деген техникалык семинар өткөрдү, анда айыл чарбалык жана башка жабдууларды лизингге алуу,  агродолбоорлорду насыялоонун, ошондой эле депозиттерди жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн шарттары туралуу угуучуларга маалымат берилди.

«Жер Азыгы»  ААКнын аткаруучу директору Азиза Юлдашева төмөнкүдөй белгилеп кетти: «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы менен биз көптөгөн жылдардан бери кызматташып келе жатабыз.  Дыйкандарга жер семирткичтер, уруктар жана өндүрүшкө керектүү башка каражаттар керек болсо, жана ага акча каражаттар жетишпей жаткан учурларда,  ага «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясы жардамга келет. Компания тарабынан керектүү финансылоону берүү дыйкандар үчүн алардын бизнесин өнүктүрүүдө орчундуу колдоо болуп саналат».

Кыргызстандын «Жер азыгы» Агробизнесмендеринин Ассоциациясы 2002-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасы үчүн өндүрүүчүлөрдүн, поставщиктердин жана сатуучулардын өндүрүштүк каражаттарынын ишин бириктирет, көрсөтөт жана координациялайт.   Быйылкы жылы Ассоциация өзүнүн 10 жылдык юбилейин белгилейт.